Премьер-министрликтин уруксат документи Парламентте...

Премьер-министрликтин уруксат документи, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Төрагалыгына сунушталды.

812415
Премьер-министрликтин уруксат документи Парламентте...

Ирак жана Сирияга карай чек аранын ары жагына операция жүргүзүү темасында өкмөткө берилген ыйгарым укуктун дагы бир жылга узартылышы тууралуу Премьер-министрликтин уруксат документи, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Төрагалыгына сунушталды.

Премьер-министрликтин уруксат документинде Түркиянын Ирактын жеринин бүтүндүгүнүн, улуттук биримдигинин жана ырааттуулугунун корголушуна чоң маани бергендиги белгиленип, «Бир тараптан, Иракта ПКК жана ДЕАШ элементтеринин болушу, этникалык тазалоого багытталган киришүүлөр, аймактык тынчтыкка, ыраттуулукка жана өлкөбүздүн коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурат»,деген сүйлөмгө орун берилди.

Уруксат документинде, «Бул абалдардын бардыгынын алкагында, террор менен Ирак жана Сириянын жеринин бүтүндүгүн бузууга жана аянтта мыйзамсыз болоору болду деген нерселерди түзүүгө багытталган, улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудура турган ар түрдүү риск, коркунуч жана кыймылга каршы эл аралык укуктан келип чыккан укуктарыбыздын алкагында керектүү чаралардын көрүлүшү, улуттук коопсуздугубуз жагынан абдан маанилүү»,делди.

Уруксат документи, Түркия Улуу Улуттук Парламентинде эртең добушка салынат.



Тектеш кабарлар