АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда болуп жаткан чыңалуунун согушка айландырылбоосун каалайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда болуп жаткан чыңалуунун согушка айландырылбоосун каалайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда болуп жаткан чыңалуунун согушка айландырылбоосун каалаганын айтты.

Стамбулда жума намазынан чыкканда журналисттердин суроолоруна жооп берген президент Эрдоган: «Учурда дүйнөдө орто эсеп менен 16 өлкө ядролук куралданууда орчундуу деңгээлге жетти. Булардын арасында 3 өлкө бар. Алардын учурдагы ядролук куралданууда олуттуу күчү бар. Каалаганыбыз АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы каяша айтышуулар атышууга айланбасын жана бул дүйнөдө экөөнүн гана ортосунда кала турган нерсе эмес. Мындан башка коркунучтуу процессти баштатып коюушу мүмкүн. Бул жагдай саясий натыйжага айлануу менен чекит коюлушун тилеймин»,-деди.

Эрдоган Сирия чек арасындагы Жилвегөзү чек ара капкасындагы өткөөлдөргө чектөө коюлушу туурасында да буларды айтты, «Учурда биз гуманитардык жардам берүүгө дагы деле даярбыз. Ошон үчүн Жилвегөзүн ачык кармайбыз, бирок булар азык-түлүк, дары-дармек, кийим ж.б....Бирок курал сыяктуу нерселерге биздин жол берүүбүз, уруксат берүүбүз мүмкүн эмес. Идлибде болсо сүйлөшүүлөрүбүз уланууда. Өзгөчө улуттук чалгындоо бул темада Орусия менен бул тууралуу сүйлөшүүлөрүн улантууда».

Эрдоган: «Бул арада ошондой эле Иран менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө жана Идлиб тууралуу да Москва сүйлөшүүлөрү оң түрдө жыйынтыкталууда. Москва сүйлөшүүлөрү эгерде ишке ашырууда Астана процессин билесиздер, булардын баарын камтыйт, Сирияда коопсуз аймак жана башкалардын баары бул талкуулоолордун ичинде орун алган учурунда Идлибге ылдам түрдө чечим табабыз деп ойлойм»,-деди.

Немис делегациясынын 8-сентябрда Коньядагы НАТОнун базасына жасай турган сапары тууралуу суроо боюнча Эрдоган, немистердин бул талабына НАТО менен сүйлөшүп, оң мамиле көрсөткөндөрүн айтты.

Эрдоган: «Бул албетте бир Инжирлик (Аданадагы Американын базасы) окуясы эмес, дагы башка бир окуя. Ушул алкакта учурда Улуттук коргоо министрлигибизден баштап Тышкы иштер министрлигибиз бул процессти башкарып жатышат. Бул да оң багытта уланууда»,-деди.



Тектеш кабарлар