Сойлу-Мезьер сүйлөшүүсү
Сүйлөшүү 40 мүнөткө созулду
776624
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу немис кесиптеши Томас де Мезьер менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Немис компанияларына байланыштуу териштирүү башталганы жөнүндөгү айтымдар боюнча өткөрүлгөн сүйлөшүүдө министр Сойлу, Түркиядагы эч бир немис компаниясына териштирүү жүргүзүлбөгөнүн айтты.
Сойлу германиялык ишканалардын Түркияда инвестиция салуусуна ар дайым ыраазы экендиктерин да билдирди.
Сүйлөшүү болжол менен 40 мүнөткө созулду.