Түркия Англиядагы кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында кол салуунун ыйык Рамазан айында карапайым адамдарга багытталганына көңүл бурулду.

Түркия Англиядагы кол салууну айыптады

Түркия, Англиянын борбор шаары Лондондо бир мечиттин жамаатын бутага алган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында кол салуунун ыйык Рамазан айында карапайым адамдарга багытталганына көңүл бурулду.

Жарыяда, «Улуу Британиянын салттык көп маданияттуу, эки тараптуу урмат-сый жана толернаттуулукка таянган коомдук тартибин жана тынчтыгын бузууну максаттаган кол салууга  эң күчтүү түрдө наалат айтабыз»,деп айтылды.

Көңүл айтып, сакайып кетишин да тилөөлөр орун алган жарыяда, «Түркия жана түрк калкы террор менен күрөшүүдө Улуу Британия менен толук колдошуп, кызматташуусун улантат»,делди.

 



Тектеш кабарлар