Шайкеш келген дүйнөлүк тартип мүмкүнбү?

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын макаласы.

Шайкеш келген дүйнөлүк тартип мүмкүнбү?

Президент Режеп Тайип Эрдоган акыркы беш жуманын ичинде Индия, Орусия, Кытай, Америкага сапар жасады жана Бельгиядагы НАТОнун саммитине катышып ушундайча беш өлкөгө барып келди. Андагы талкуулоолор эки тараптуу жана аймактык маселелер менен катар, баш аламандык жана тартипсиздик курчаган учурдагы эл аралык системага жаңы план, ынтымак жана ырааттуулук алып келүүнүн жолдорун издөө темасына багытталды. Анкара, Жаңы Дели жана Москвадан Пекинге чейин, Вашингтонго, Европанын борбор шаарларына жана дүйнөнүн калган өлкөлөрүнө чейин, Сирия согушу, эл аралык терроризм, популисттик-улутчулдук кыймылдардын күчөшү жана климаттык өзгөрүүдөн тышкары дүйнө жүзүнүн абалы туурасында олуттуу тынчсыздануулар бар.

Хаос жана тартипсиздиктин дүйнөлүк деңгээлдеги учурдагы абалы көптөгөн саясий жана экономикалык себепке байланыштуу. Улуттук мамлекеттерди бири-бирине карама-каршы койгон күч-тең салмаксыздыгы, ар тараптуу жыйынтыктарды чогуу алып келген чыңалууларды оңой эле жаратууда. Сириядагы жарандык согуш буга мисал болуп саналат. Кагылышуулар 6 жылдын ичинде жүз миңдеген адамдын каза болушуна себепчи болуп, 21-кылымдын эң коркунучтуу согушуна айланды. Согуш аяктабайт анткени атаандаш күчтөр Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кызыкчылык жана күн тартиптерин илгерилетиш үчүн ортомчу согуштурууга муктаж болуп жатышат.

Бул учурда Африкадагы жакырчылык, жемкордук жана тең укуксуздук маселелери чечилбестен уланууда. Аны чечүү татаал болгону үчүн эмес, дүйнөдөгү колунда бар элдер бай жана коопсуз бойдон калсын деп Африканын колониялык континент жана арзан жумуш күчү катары колдонулганы үчүн болууда. Жакынкы убактагы эң чоң маселелерден бири баш калкалоочулар маселесинин адамдык кадыр-баркка шайкеш келе тургандай түрдө каралбай жатышы. Анткени күчтүүлөр, каалгасына бармайынча муну маселе катары карабайт. Байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым улам күчөп өсүп баратат. Анын себеби  аткарыла турчу чечүүчү жолдордун кем болушунан эмес, жашообузда түптүү өзгөрүүлөрдү жасабай жана бул дүйнөдөгү бизден сырткаркы тургундарга да көз карашыбызды өзгөртүшүбүздү керектүү кылган чечүүчү жолду каалабагыныбыз үчүн болуп жатат.

Ушул убакка дейре болгонунан дагы бай, адамзат тарыхынын кайсы бир мезгилинен дагы бекем байланышкан жана татаалдашкан жер шарыбыз илимий эмгектердин же ылайыктуу альтернативалардын аздыгынан эмес, андан да терең маселеден турат. Ал глобалдык деңгээлде түшүнүк, максат жана багыт жоготуу болуп саналат. Учурдагы глобалдык системада көрүп турган тартипсиздик жана баш аламандык, чындыгында ким экендигибиз, ким болгубуз келгенибиз тууралуу дагы тереңдикте жаткан шайкешсиздик жана карама-каршылыктын чагылуусу болуп саналат.

Байыркы акылмандыкка караганда, ынтымак жана шайкеш келүү алгач өз ички дүйнөбүздө бар болмоюнча, тышкы дүйнөдө камсыздалбайт. Рух жана материалда шайкеш келүү, тең салмак, тартип, тоюу жана бүтүндүк адамча жашоо чөйрөбүзгө форма берген, ушундан улам бейиш жана дүйнө менен аалам ошондой эле биз адамдардын ортосунда ынтымак жана бири-бирин толуктоочулукту жайгаштырган дүйнөлүк тартип камсыздайт.

Платон, өзүнүн философиялык жана саясий түзүлүшүн борбордук термин болгон шайкештиктин үстүнө куруп жатканда ушуга көңүл бөлгөн. Филсофтун милдети рух жана материалдын ортосундагы негизги шайкештик жана макулдашууну көрсөтүү. Акылмандык, бул тең салмакты бардык жашоо жана аң сезим деңгээлдеринде ортого салуу жана коргоо болуп эсептелет. Платон идеалдуу мамлекет термининде музыкага борбордук  роль берген. Анткени музыка, ар бир жакшы музыканын негизги курамы болгон шайкештик, түзүлүш, тартип жана ыргакты сиңирип алышыбызга жардам берет. Негизги кыйынчылык, ыйгарым укук жана эркиндигибизден баш тартпастан шайкештик жана жакшылыктардын принциптерине баш ийүү.

Бирок, шайкештик жалгыз эле эстетикалык термин эмес. Экзистенциалдык жактан тууралыкка жана адилеттикке таянат. Жасакерлик жана жамандыкка таянган эч бир система тартип жана тең салмактуулукту уланта албайт. Буга окшогон түрдө адилеттик коомчулукта тынчтык жана шайкештикти камсыздоонун ачкычы; анткени адилеттик «бардык нерсеге шайкеш келген жерге коюу жана бардык нерсеге акысын берүү болуп эсептелет. Коомчулук, бир жагынан ар ким өз милдетин туура жана адилеттүү түрдө орундатканда, бир тараптан ар ким эркиндигин сактаганда шайкеш абалга келет. Адамдын денеси, органдарынын ар бири өзүнө ылайыктуу түрдө иштегенде гана шайкеш жана туура системага айланат.

Исламий салтта тынчтык (эс-салам) жана ыргак (эл-мизан) жаратылуу дүйнөсүнүн омурткасын түзүп турат. Ааламды чогуу кармаган космикалык тартиптин негизи катары кызматын кылат. Бирок булардын бардыгы бир убакта өз ички дүйнөбүз үчүн да жол көрсөтөт. Буга карабастан ыргаксыздык экзистенциалдуулуктун жекелигин жана толуктугун бузуп ички карама-каршылык жана тирешүүлөргө алып барат. Социо-саясий платформада араздашууларга, согушка жана адилетсиздикке себепкер болот. Жеке кишиде болсо тынчсыздануу, кайгы жана азапка жол ачат.

Сулуулук тынчтык жана ыргак менен түздөн-түз байланышкан. Куранга караганда Теңир ааламды белгилүү бир «тартип» жана белгилүү бир «жазган» (Кадыр сүрөөсү) ичинде жараткан. Бул абал, ааламда көргөн ыргактуу кооздуктун негизин түзөт. Куран бизге жаңылык жар салып; ааламды кара, бир дагы шайкешсиздик, туура келбөөчүлүк же ыргаксыздык көрө аласыңбы!»-дейт (Мүлк сүрөөсү 67/1-4). Адамдар бул космикалык дүйнөнүн бир бөлүгү, буга баш ийиши керек.

Адамдар бул космикалык тартиптин бир бөлүгү жана алардан бул ыргак жана сулуулукту өз ички дүйнөлөрүнө да чагылдыруулары күтүлөт. Тынчтык, тартип жана ыргактан турган космикалык принциптердин бузулушу адамдын рухун чирүүгө жана дат басууга алып барып, ишенип кой чөйрөсүн да жок кылат.

Учурда дүйнө системасында көрүнүп турган баш аламандык, тартипсздик жана кыйратуу кандайдыр бир ачыктоо менен түшүндүрүлө алгыс кайгы жана ыздырапка себеп болууда. Бул абалдын социо-саясий жана экономикалык себептери, саясий эрк жана акылмандык менен каралышы керек. Муну менен катар планетабыздын келечеги жана адамзаттын бүтүндүгү үчүн ичибизде жанган үмүттөрдү жок кылган бул тренддин тереңиндеги себептерди да көрүүгө аргасызбыз. Жөнөкөй чындык бул; бардык нерседен мурда өз рухтарыбыздын ичинде ыргак, тынчтык жана жакшылык принциптерин эегемен кылмайынча, саясий тартип жана экономикалык теңдикке таянган системаны кура албайбыз.

 

 



Тектеш кабарлар