Йылдырым - Медведев жолугушуусу

Бинали Йылдырым жана Медведев акыркы жолу 27 -  апрелде телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн болчу.

Йылдырым  - Медведев жолугушуусу

Премьер – министр Бинали Йылдырым Орусиянын премьер  -  министри Димитрий Медведев менен жолугушат. Орус өкмөтүнүн басма сөз кызматынан берилген маалыматта Медведевдин Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун жыйыны үчүн 22 -  майда келе турган Стамбулда түрк кесиптеши Бинали Йылдырым менен жолугушуу өткөрөрү белгиленди.

«Түрк премьер – министри менен жолугушуу пландалды»,- деп билдирилген маалыматта Орусиянын вице – премьери Аркадий Дворкович менен энергетика министри Александр Новактын  Стамбул сапарында Медведевди коштой тургандыгы билдирилди.

Бинали Йылдырым жана Медведев акыркы жолу 27 -  апрелде телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн болчу.

 



Тектеш кабарлар