Эрдоган - Туск - Юнкер жолугушуусу

Жолугушуунун 25 - майда өткөрүлөрү билдирилди.

Эрдоган -  Туск - Юнкер жолугушуусу

Президент Р. Т. Эрдоган 25 -  майда Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа Биримдиги комиссиясынын төрагасы Жан  -  Клод  Юнкер менен жолугушат.

Европа Биримдиги комиссиясынын башкы сүйлөшүүчүсү Маргаритис Шинас күнүмдүк басма сөз жыйынында берген маалыматында Эрдоган, Туск жана Юнкердин  ортосундагы сүйлөшүүнүн 25 -  май күнү Бельгиянын борбор шаары Боюсселде өткөрүлөрүн айтты.

Шинас сүйлөшүү өткөрүлө турган жер тууралуу маалымат берген жок.

Президент Эрдоган 25 -  майда НАТОнун жаңы штабынын ачылышынан улам өткөрүлө турган саммитке катышат. Эрдогандын саммиттин негизинде кээ бир лидерлер менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүшү пландалууда.

Европа Биримдиги мекемелеринин лидерлеринин Эрдоган менен сүйлөшүүнү каалагандыгын биринчи болуп Германиянын канцлери Ангела Меркель 29 -  апрелде болгон Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинен кийин билдирген болчу.  



Тектеш кабарлар