Бүгүн 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамы

19 -Май Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамынан улам борбор шаар Анкарада биринчи азем Аныткабирде башкача айтканда мавзолейде өткөрүлдү.

Бүгүн 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамы

 

Түркия республикасынын курулушуна кеткен жолдо биринчи кадамды таштаган жана Улуу түрк улутунун көз карандысыздыгы үчүн боштондуктун шамы жагылган күндүн 98-жылы.

Бул маанилүү күн жалпы өлкөдө жана тышкы өкүлчүлүктөрдө өткөрүлгөн иш чаралар менен белгиленүүдө.

19 -Май Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамынан улам борбор шаар Анкарада биринчи азем Аныткабирде башкача айтканда мавзолейде өткөрүлдү.

Жаштык жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч менен коштоосундагы делегация Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбар койду. Кылыч андан кийин министрликте жаштарды кабыл алат.

Президент Р. Т. Эрдоган жаштар менен президенттик комплексинде жолугушат.

Премьер – министр Бинали Йылдырым да 81 облус менен Түндүк Кипр Түрк Респуликасынан келген жаштар менен Чанкая сарайында жолугушат.

Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу да Кызылайда Аныткабирде жаштар жүрүшүнө катышат.


 



Тектеш кабарлар