Түркияга кандайдыр бир кол салуу болсо эч кимден сурабай туруп атабыз

Эрдоган, 16-майда Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуусунан кийин Түркиянын Вашингтондогу элчилигинде журналисттерге маалымат берди.

Түркияга кандайдыр бир кол салуу болсо эч кимден сурабай туруп атабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ/ПЙД тарабынан Түркияга кандайдыр бир кол салуу болсо эч кимден сурабай туруп атабыз»,-деди.

Эрдоган, 16-майда Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуусунан кийин Түркиянын Вашингтондогу элчилигинде журналисттерге маалымат берди.

Журналисттерге тарыхый жолугушуунун көшөгө аркасындагысын түшүндүргөн президент, өзгөчө ЙПГ/ПЙД террор уюмунун кайсы өлкө тарабынан болсо болсун карым-катыштык иретинде каралышынын, глобалдык деңгээлде макулдашылган меморандумга кескин түрдө туура келбей турганын баса белгиледи.

Трампка террор уюму ЙПГ жана ПЙД тарабынан Түркияга кандайдыр бир кол салуу болсо эч кимден сурабай туруп аскердик күч колдонуу эрежелерин ишке ашыра тургандарын ачык айткандарын белгилеген президент Эрдоган: «Чындыгында биз Раиде буларды кылдык, Жераблуста, Эл Бабда кылдык. Түркия эмне кыла ала турганын ортого салды. «Террордук уюмдарды таштагыла, келгиле террор менен күрөшүүнү чогуу кылалы» дедик. Тилекке каршы буга жанашышкан жок. «Мүнбичти тазаладык» дешти бирок андай нерсе болгон жок. Ошондуктан дагы деле ошол жерде жүрүшөт. Мүнбичте, Раккада террор уюму ДЕАШты тазалаган учурда ал жерлерге ким жайгашат? Ал жерлердин жергиликтүү калкы ким? Арабдар. Анда сиз ал жерлерди күрттөргө толтурганы турасызбы? Анда арабдар менен күрттөрдү кагылыштырасын дегенди берет»,-деп айтты

Керек болсо Мүнбичте керек болсо Раккада террор менен күрөшүүнүн туура кадам менен бүтүрүлүшүн каалаганын айткан президент Эрдоган: «Түркия катары биз да өз жоопкерчилик тармагыбызда террор менен күрөшүү үчүн тийиштүү иштерди кылабыз. Террордук уюмдарды ичкериде да тышкарыда да жөн койбойбуз. Бир жер тилкесин түзүп алуусуна уруксат бербейбиз. Чечкиндүүлүгүбүздү улантабыз»,-деди.

Сирия темасында АКШнын Түркиянын каалгасын кага турганын баса белгилеген президент: «Учурда Ракканы курчашыптыр. Эмнелер боло турганын көрөбүз. Бирок аймакта Түркия сөзсүз аянтта болот. Сирияда да, Иракта да болот. Чечим чыгаруучу күч катары Түркия иштин тышында калтырыла албайт. Ансыз деле алдыда НАТО саммити бар. Бул жерде да террор маанилүү күн тартип беренеси. Бул темалар ал жерде да күн тартипке коюлат»,-деп баса белгиледи.

Дональд Трмап менен экономикалык темалар жана Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) тууралуу процессти да карагандарын түшүндүргөн Эрдоган: «Мындан аркы процессте керек болсо жолдошторубуз аркылуу, керек болсо коопсуз багыттан алар менен байланышуу темасында макулдаштык»,-деди.

Президент Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путиндин террор уюму ЙПГга курал бербегендери түрүндөгү жарыясын болсо: «Маселе күрттөр менен иштеп же иштебөө эмес. Эң маанилүүсү террор уюму менен байланышта болбоосу. Кесиптештерибизге «Буларга курал берип жатасыздар. Колубузда документтер бар. Ракеталардын сүрөттөрү бар» деп айтуудабыз. Моюнга албай жатышат. Биз болсо буларды көз алдына жаюуну улантабыз»,-деген серебин салды.



Тектеш кабарлар