Түркиядагы референдум

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-17

Түркиядагы референдум

Баш мыйзамдагы жана аткаруу бийлигиндеги эки тема Түркияда көптөгөн жылдар бою талкууланып келген негизги маселелердин бири эле. Түркия ушул боюнча 16-апрелде референдум өткөрдү. Биз да бул жумадагы программабызда Түркиядагы референдумду жана жыйынтыктарын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Түркия бир жагынан ДЕАШ/ПКК/ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдарга каршы күрөшүп жатып, экинчи тараптан да 2016-жылдын 15-июлунда болгон төңкөрүш аракетинин чыгымдарынын ордун толтурууга аракет кылууда. 15-июлдан келип чыккан коркунучтар дагы деле уланып жатат. Ушул шарттардын астында Түркия Республикасына дем-күч берүү үчүн Адилеттик жана өнүктүрүү партиясы менен Улуттук кыймыл партиясы конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушун даярдады. Бул өзгөртүүлөр 16-апрелде түрк улутунун бекитүүсүнө сунушталды. Элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында 51,41 пайыздык «макул» добушу чыкты. Ушундайча конституциялык өзгөртүү түрк улуту тарабынан кабыл алынды.

Түркия Республикасында 1982-жылы кабыл алынган учурдагы Баш мыйзам, өзгөчө президенттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери жагынан классикалык парламенттик системадан кыйла эле четтеп кеткен. 1982-жылы кабыл алынган баш мыйзамдагы төңкөрүш руху, ушул учурга чейинки 18 башка өзгөртүүгө карабастан оңолгон эмес. 2014-жылы президенттин биринчи жолу эл тарабынан шайланышынан улам системадагы кризис тереңдеди. Ыйгарым укук жана жоопкерчилик парадоксу, системалык кризисти жаратты. 1980-жылдын 12-сентябрындагы төңкөрүш менен башталып 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетине чейин созулган процесс, конституциялык нормалардын, кызмат жана ыйгарым укуктардын так түрдө белгилениши үчүн баш мыйзамга олуттуу өзгөртүү киргизилишин мажбур кылды.

АК партия менен Улуттук кыймыл партиясы даярдаган жана референдумда кабыл алынган конституциялык өзгөртүүнүн мазмуну жалпысынан төмөнкүдөй:

--Конституциялык өзгөртүү боюнча башкаруу системасы өзгөрүүдө. Аткаруу бийлигиндеги эки тема жоюлат. Аткаруу бийлигин президент жүргүзөт.

--Мыйзам чыгаруу укугу Түркия Улуу Улуттук Жыйынына берилет. Өкмөттүн мыйзамдык долбоорлору менен мыйзам чыгарууга үстөмдүк кылышына бөгөт коюлат. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлиги толугу менен бири-биринен ажыратылат.

--Президенттин жекелик жана укуктук кол тийбестиги аяктайт. Берене жалгыз гана мекенге чыккынчылык эмес, ар түрдүү кыймыл жана кылмыштар жагынан жазаларды жана саясий жоопкерчиликти алып келет.

--Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлиги толугу менен өз-өзүнчө болгондуктан Түркия Республикасынын жарандары бир күндө өтүүчү эки башка шайлоодо бир-бирден добуш берип, аткаруу бийлигин түздөн-түз тандай алышат.

--Өкмөттү түзгөн саясий партия менен мыйзам чыгарууда көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон саясий партиянын бирдей болушу боюнча мажбурдуулук жокко чыгарылууда. Президенттин саясий партиясы менен болгон байланышын токтото турган өкүм жоюлат. Шайлануу жашы 18 жашка чейин түшүрүлөт, ушундайча түрк жаштарынын саясаттадагы жолу ачылат. Түркия Улуу Улуттук Жыйынына мүчө саны 600гө жетет, ушундайча Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын өкүлдүк кылуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

--Президенттиктин токтомдору мыйзамдык өкүм жана күчкө ээ болбойт. Токтомдор мыйзам аркылуу түзүлгөн темаларга тиешелүү болбошу керек. Түркия Улуу Улуттук Жыйыны дал ушундай темада мыйзам чыгарган учурда жокко чыгарылат. Ошондой эле  токтомдор Конституциялык соттун көзөмөлүндө болот.

--Жогорку Кеңешке өткөрүп берүү жеңилдейт. Ушундайча мыйзам чыгаруу бутагынын аткаруу бийлик бутагын көзөмөлдөө күчү жогорулайт.

--Түркия Улуу Улуттук Жыйыны жана Президенттик шайлоолор беш жылда бир жана ошол эле күнү өткөрүлөт. Президент шайлоолордун жаңыланышына чечим чыгарса өзүнүн да кызматы аяктайт.

--Соттун көз карандысыз болгону сыяктуу тарапсыз болушу да конституцияда талап кылынат. 13 мүчөдөн түзүлө турган Судьялар жана прокурорлор жогорку кеңешинин 7 мүчөсүн биринчи жолу Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тандайт.

Жаңы системанын эң негизги өзгөрүүлөрүнүн бири аткаруу бийлигин түздөн-түз элдин тандашы. Жаңы системада мыйзам чыгаруу бутагы менен аткаруу бийлик бутагы так түрдө бөлүнө турганы үчүн өкмөт эми парламенттин ичинен чыкпайт. Ушундайча ишеним добушун эл берет.

Жаңы системага байланыштуу жалгыз адам башкара турганы жөнүндө айтымдар бар. Бул айтымдардын тескерисинче жаңы система алып келген күчтүү тең салмак жана көзөмөлдөө механизминин негизинде бийликти колго алуу мүмкүн эмес. Анткени аткаруу бийлигинин бардык иштери, мыйзам чыгаруу органы менен соттун көзөмөлүндө болот. Киргизилген өзгөртүүлөр кризистин алдын алып, макулдашуунун негизинде атуулдардын ортосундагы орток пайданы арттырат.

Жыйынтыктай турган болсок 15-июлдагы төңкөрүш аракети менен чайпалган Түркия дагы бир жолду ийгиликтүү ашып өттү. Мамлекет күчтүү болбогон, ылдам чечим чыгара албаган, башкаруудагы баш аламандыктар уланган сайын Түркиянын 2023-жылга жана 2053-жылга карата максаттарына жетүүсү кыйын болмок. Мамлекетти күчтүү кылуу үчүн алгач коомдук макулдашууну б.а баш мыйзамды жаңылоо рационалдуу кадам болуп саналат. Мунун негизинде АК партия менен Улуттук кыймыл партиясы чечүүчү жолду, чет элдик күчтөрдүн колдоосунан эмес түрк улутунан тапты. Түрк улуту өз келечеги үчүн өз чечимин чыгарды. Ушундайча түрк эли кол кармашып күчтөндү жана келечегин кооргоо алды.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 



Тектеш кабарлар