Компьютердик оюндарда Исламофобия

Санариптик оюндардын Исламофобиянын жайылуусунда альтернатива катары колдонулганы аныкталды.

655152
Компьютердик оюндарда Исламофобия
bilgisayar oyunlarında islamafobi4.jpg
bilgisayar oyunlarında islamafobi3.jpg
bilgisayar oyunlarında islamafobi2.jpg

Жаштар жана спорт министлигинин «Компьютердик оюндарда Исламофобия» темалуу иликтөөсүндө, Исламды бурмалоо үчүн мобилдештирүү жарыяланып, координациялоо башталганы белгиленди.

Иликтөөгө караганда, мусулмандарга каршы корку сезими нормалдаштырылып, жек көрүүнү жана душмандыкты кадимки көрүнүшкө айландыруу үчүн аракет кылынса, телеканал, кино, компьютер, планшет, смартфондор аркылуу аң-сезимди бузган билдирүүлөр жаштардын мээсине куюлууда.

Адепсиздик жана мазактоого чейин жеткен билдирүүлөр ачык-айкын берилгенде, маданий, салттык, улуттук жана адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде аң-сезимге жайгашуусу жөнгө салынууда.

Ушул себептен оюн түзүүчүлөр билдирүүлөрдү (көрүнүш, үн ж.б) айырмалоого мүмкүн болбогондой түрдө берип жатышат. Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыкты камтыган санариптик оюндар Исламофобиянын жайылуусунда альтернатива катары колдонулууда.

Мунун себеби оюнчулардын санариптик оюндарда башкы каарман болушу жана оюнда активдүү роль алуусу.

Адам кино көрүп жатканда террорист деп сыпатталган кишинин өлтүрүлүшүнө күбө болот. Бирок санариптик оюн ойноп жатканда аскер ролу менен террорист деп берилген мусулманды жеке өзү өлтүрүүдө жана канча мусулман өлтүрсө ошончо сыйлык/ баллга ээ болууда.

Ылдам жайылган компьютердик оюндарда «Мусулмандарга кыргын» салып, «Исламды жек көрүүгө» үгүттөлүүдө.

Министрлик бул темага байланыштуу www.oyunlardaislamofobi.com сайтын тейлөөгө ачып, Исламофобия туурасында кеңири маалымат түйүнүнө орун берди.

Бул сайт аркылуу билбеген оюнчулар, ата-энелер жана жаштарды Исламга каршы жүргүзүлгөн оюндардын болгонунан кабардар кылуу жана Исламафобиядан коргоо максатталууда.



Тектеш кабарлар