Президенттин башкы кеңешчиси жана катчысы И.Калын менен болгон маектешүүнүн 2-бөлүмү

Жакында эле Түрк армиясынын ичиндеги Гүленге караштуу террорист топтор пландап жүргүзгөн аскердик төңкөрүшкө бөгөт койдук.  Бул төңкөрүшкө сот органдарынын ичиндеги жана башка мекемелердин ичиндеги уюмдун мүчөлөрү тарабынан колдоо көрсөтүлдү.

536141
Президенттин башкы кеңешчиси жана катчысы И.Калын менен болгон маектешүүнүн 2-бөлүмү

Кабарчы: -Бир тараптан коомдук пикирдин көчөлөрдө өкмөткө колдоо көрсөткөнүн көрүүдөбүз, бирок бир тараптан да учурда жарыяланган өзгөчө кырдаал да бар. Оппозициядагы партиялар да бул токтомду колдошту. Ал эми эл аралык коомчулуктан ар түрдүү жарыялар келүүдө. Мисал үчүн бул жарыяларда Түркияны ченемдүү болууга чакырууда. Укуктун үстөмдүгү принциби эске алынышы чакырыгын салышууда. Сиздин оюңузча эл аралык коомчулуктун каршылык көрсөтүүсү жана сындоолорунун бир бөлүмүндө тууралык үлүшү барбы?

Ибрахим Калын: - Барынан мурда мизи майтарылган төңкөрүш аракетинен кийин өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга болсо Түркиянын конституциясындагы 120-121-беренелер уруксат берип турат. Бул берене бул жарыяга уруксат берет жана бул уруксатты өкмөткө берген, өкмөт да Парламентке сунуштады. Бул токтом учурда жалгыз гана бийликтин эмес оппозициядагы партиялардын да колдоосу менен Парламенттен өттү. Ушул убакка чейин укуктун үстөмдүгүнөн тышкары эч нерсе кылынган жок жана кылынбайт да. Ал эми сиздин дүйнөнүн ар тарабындагы көрөрмандарыңыздар бул токтомдор чыгарылган абалды туура түшүнүшү зарыл.  Жакында эле Түрк армиясынын ичиндеги Гүленге караштуу террорист топтор пландап жүргүзгөн аскердик төңкөрүшкө бөгөт койдук.  Бул төңкөрүшкө сот органдарынын ичиндеги жана башка мекемелердин ичиндеги уюмдун мүчөлөрү тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Ошондуктан эми төңкөрүшкө катышкан, төңкөрүштү пландаган, жүргүзгөн жана айрыкча бул процессте кызматташкан, бул уюмдун мүчөлөрүнө тышкарыдан жардам берген жана колубузга өткөн айрым документтерде көргөнүбүздөй төңкөрүштөн кийин бул кишилерге жардам бере турган кишилерге карай укуктук жараян башталат. Биз бул кишилерди кармоого аракет кылып жатканда эл аралык коомчулуктан келген сындоолорду көрүүдөмүн; алардын айткандары ушунчалык кыска мөөнөттүн ичинде кантип ушунча көп кишини кармай алдыңар. Мамлекеттик мекемелердин ичиндеги Гүлен уюмуна мүчөлөрдү тазалоо операциялары бир канча күндөн бери тынымсыз уланууда. Бул адамдарды белгилөө үчүн  ансыз деле процесс жүрүп жаткан болчу. Төңкөрүш аракетине кошулган армиянын генералдары август айындагы Жогорку аскердик кеңештин жыйналышында же пенсияга чыгарылмак же болбосо көтөрүлө алмак эмес. Балким бир нерсе кылыш үчүн бул акыркы мүмкүнчүлгүбүз деп ойлоду. А бирок Гүлен уюмунун мүчөлөрүнүн эң башынан бери ушундай пикирлери бар болчу. Берген айрым түшүндүрмөлөрүн карап көрсөңүздөр, бул окуя менен эч тиешеси жок. Алардан бул сөздөрдү угуу абдан күлкүнүчтүү.  Анткени алардан сурасаңыз Гүлен кыймылы деген бир кыймыл да жок. Алардын оюу боюнча окуу жайлары жок, телеберүү же басма сөз органдары жок, же банкатары менен фирмалары да жок. Банктардан, мекмелерден, окуу жайлардан, фирмалардан турган ушундай чоң императорлук  кантип ушул адамдар тарабынан алданды? Мунун артында тургандары аттын кашкасындай айкын жана сөздөрү ишендирүүчү эмес, эч качан олуттуу каралбайт. Бул айтымдардан улам айрым кишилер бул айтымдарды айтышты, чыныгы төңкөрүш эмес болчу, жасалма болчу жана Эрдогандын дагы да күчтөнүшү үчүн жасалды. Бизди кутум теориясын өндүргөнүбүз менен күнөөлөгөн ошол эле адамдар, эми муну олуттуу анализ сыяктуу өндүрүүдө. Мен муну мындай карайм. Башкы агым батыш медиасынын ушундай маалыматтарды бергенине ишене айбай турам. Бул 11-сентябрь кол салууларынын АКШ тарабынан пландалганын же эң акыркы Париж жана Ницца кол салууларынын француз өкмөтү тарабынан пландалганын айтып чыгуудан айырмасы жок нерсе. Мындай маалыматтарга маани бербейбиз. Бирок тилекке каршы Түркиядан сөз болгондо дароо кош стандарттулук көөп чыгат жана ушул түшүнүксүз кутум теориялары ушунчалык кылдат берилгендиктен төңкөрүш туура болгондой көрсөтүлүүдө.  Бул жерде абдан кылдат болуш керек. Бул төңкөрүштү демократия, укуктун эгемендиги жана эркиндик үчүн токтоттук. Ошондуктан муну түшүнүшүбүз керек. Учурда өзгөчө кырдаалдын алкагында көрүлгөн бардык чаралар, чындыгында эркиндикти, демократияны жана укуктун эгемендигин коргош үчүн жасалды жана адамдардын күнүмдүк турмушу мындан эч кандай таасир албайт. Саякат эркиндиги, жыйналыш өткөрүү эркиндиги, сөз эркиндиги же эконолмикалык иш-чараларга эч кандай таасирлери болбойт.  Булардан эч бири таасир албайт. Адамдардын күнүмдүк турмушу таасир албайт. Кудум эле Францияда болгону сыяктуу. Париждеги кол салуудан кийин Франция өкмөтү өзгөчө кырдаал жарыялады. Мен билгенден бир канча жолу да узартышты. Ниццадагыны да кечээ жакында узартышты. Бул француз өкмөтү чыгарган укуктуу жана мыйзамдуу токтом, эч ким муну сынга алган жок. Тескерисинче ал өлкөдө нормалдуу абал сезимин баса белгилешти. Мындай нерсени бизде да көрөсүздөр. Адамдар күнүмдүк турмуштарын улантышат. Кооптонушу керек болгондор жалгыз гана кылмышкерлер жана төңкөрүш аракетин кылгандар.

Кабарчы: -Түркия Фетуллах Гүлендин экстрадиция кылынышын талап кылган делону АКШга берди. Эми Түркиянын күтүүлөрү кандай болот? Айрым серепчилер АКШнын балким Түркияга кысым көрсөтүш үчүн муну соодалашуу темасына айландыра турганын айтышууда. Сиздин күтүүлөрүңүз кандай?

Ибрахим Калын: -Фетуллах Гүлендин Түркияга кайтарылышы үчүн бүтүрүлүшү керек болгон мыйзамдык процесс бар. Биз бул теманы көптөн бери айтуудабыз, бирок азыр 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин бир дело түзүлдү жана алгачкы бөлүмү Тышкы иштер министрлиги аркылуу Американын Адилет министрлигине жөнөтүлдү. Дагы көп далил чогулткан соң, дагы көп нерсе болот жана булардын бардыгы бириктирилип АКШнын жооптуу кызматтагыларына берилет. Албетте биздин күтүүбүз жана АКШнын жооптуу кызматтагыларынан уккан биринчи сөздөр бул темага олуттуу карай тургандары жөнүндө болду. Мыйзамдык процесс аяктаганда албетте биздин күтүүбүз  Фетуллах Гүлендин кайтарлышы. Укукчулардын айтканына караганда кайтарылышы үчүн болгонунан дагы көп себеп бар жана бул процесстин акырында жыйынтык ушундай болот деп ойлойбуз.

Кабарчы:- Учурда аскердик түзүлүштүн кайрадан формалана турганы сүйлөшүлүүдө. Бул эмне деген түшүнүктү берет? Эмне болот?

Ибрахим Калын: - Аскерлердин ичине кирип кеткен Гүлендин жактоочулары болгон топ бар жана албетте алгач аткарыла турган иш мунун экинчи кайталанбоосун камсыздоо. Аскердик окуу жайлардан баштообуз керек, даража процесси жана билим берүүлөр менен кошо улантабыз. Бул жерде бир нерсени баса белгилей кетейин. Бул төңкөрүштү кылууга аракет кылган Гүленди жактаган кичине бир топ менен Түрк армиясын айырмалай билүү керек. Армия биздин армиябыз жана бул коркунучтуу процесстен өткөн армиянын генералдары дуушар болгон коркунучту билишет. Эми албетте алар да өз милдеттерин аткарышат жана өкмөт да өз милдетин аткарат. Президент, армиянын жана өлкөнүн башкы командири катары толук процессти башкарат жана Түрк армиясы ичиндеги коркунучтан кутула турганына ишенүүдөмүн. Ушундай зулумдуктардын экинчи болбошу үчүн башка коопсуздук чаралары да көрүлүүдө.

Кабарчы: - Жаназаларда, Кызылай аянтында жана башка жерлердеги сөз сүйлөөлөрдө өлүм жазасы үчүн чоң талап коюлду. Бир топ адам Түркияга өлүм жазасы киргизилсе, бул Европа Биримдигине кирүү күтүүлөрүнө таасир тийгизе турганын, муну билип билбегендерин сурадым. Мен алган жооптордон бирөө мындай эле: эгер ЕБне кирүү Түркиянын коопсуздук жана намысынан баш тартуу болсо, ЕБнин болушунун кажети жок дешти. Адамдардын ЕБнен тажап кетишкендерине байланыштуу Түркияда улам өскөн сезим  бар экенин ойлойсузбу? ЕБ аларды балким өздүктөрү үчүн көз жаздымда калтыруудабы?

Ибрахим Калын: -Өзүңүздөр билгендей көптөн бери ЕБне кирүүгө аракет кылуудабыз. 2005-жылдан бери толук мүчөлүк үчүн ЕБ менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Бирок тилекке каршы процесс абдан жай жүрүп жатат. Тигил же бул шылтоо менен процесс жылган жок. Түркиянын тышындагы адамдар бул төңкөрүш аракетинен кийин өлкөдө сезимталдык абалдын ушунчалык тыгыз болгонун түшүнүүсү зарыл.  Анткени жарандар көчөлөрдө өз адамдары тарабынан өлтүрүлдү. Адилеттик сезими тарабынан каралганда, көчөлөрдө бул абалды жашаган адамдардын өлүм жазасын талап кылуулары жалгыз гана табигый көрүнүш. Буга жооп иретинде Президент да, «Эгер элдин талабы бул болсо, албетте парламент бул талапка ылайык мыйзам чыгарса, мен да бекитем»-деди. Ачык айтканда өлкөдө бул багытта чоң талап бар. Мындай мыйзам чыкса   албетте ЕБ менен ортобузда айрым келишпестиктер болот. Эгер мунун жыйынтыгы катары ЕБне мүчөлүк процессибиз токтотулса, бул маселе менен ошондо алектенебиз.

Кабарчы: - Элдин сезимдерин караганыңызда ЕБне мүчөлүк тууралуу референдум өткөрүлүшү керекпи?

Ибрахим Калын: - Өзүңүз билгендей бул тема бир канча ай мурдагысына чейин талкуланып жаткан. Мүчөлүк процесси узарган сайын Европада кандайдыр бир «кеңейүү чаалыгуусу» келип чыкты, бирок бул жерде да эл тажай баштады. Бардыгын сынап жатабыз, мыйзамдарды өзгөртүп жатабыз, коюлган критерийлерди ишке ашырып жатабыз. Мунун акыркы мисалы «Түркия-ЕБ Качкындар» келишими болду. Бизге тынымсыз кошумча шарттар коюлууда. Түркияга жакшылык кылып жаткансып «муну да кылгыла, тигини да кылгыла» деп жатышат. Чындыгында Түркия аларга жакшылык кылууда 3 миллиондон ашуун  баш калкалоочуну багып. Бул кишилер дагы эле биздин өлкөдө, аларды биз багуудабыз, Европага болгон көч толкунун токтоттук. Өткөн жылы октябрь айында күнүгө 6-7 миң киши Европага өтүүгө аракет кылчу. Бүгүнкү күндө бул сан дээрлик жокко эсе. «Түркия-ЕБ Качкындар» келишими ишке жарады. Муну куттуктап жана Түркия жарандарына визасыз режимди киргизүүлөрү керек болуп турганда, кошумча шарттарды коюуга аракет кылышууда.  Түркиянын анти-террор мыйзамын шылтоо кылышты. Бул темада сөз айтуу укугу бизге таандык жана бул мыйзамдар ансыз деле ЕБнин критерийлерине жараша камдалган. Бул төңкөрүш аракети да көрсөткөндөй бул мыйзамдарга муктаждыгыбыз бар экен. Биз тынымсыз түрдө ПКК жана ДЕАШ террор уюмдарына каршы согушуудабыз. Дүйнө жүзү ДЕАШ менен күрөшүүнү талкуулап жатат, бирок биз күрөшүп жаткан ПККны көрмөксөнгө салууда. Бул уюм өткөн жылы эле миңдеген жараныбыздын өмүрн кыйды жана биз буга каршы чараларды көрүшүбүз керек. Эми болсо Гүлен уюмунун коркунучу менен алпурушуп жатабыз. Табигый түрдө биздин анти-террор мыйзамдарыбызда кандайдыр бир өзгөрүү болбойт. Биз да Европадан жана дүйнөнүн калганынан бул уюмдар менен согушуу үчүн бул мыйзамдарга эмне үчүн муктаж болгонубузду түшүнүүлөрүн күтүүдөбүз.

Кабарчы: -Түркиянын таштай турган айрым кадамдарынан сөз кылдыңыз, бирок кыскача түшүндүрүш керек болсо мындай окуялардын келечекте болушунун алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлөт? Айрыкча жакынкы убакта Түркия тышкы саясатында өзгөртүүлөрдү жасай баштады. Орусия жана Израиль сыяктуу башка өлкөлөр менен да жакындаша баштады. Бул өзгөрүүнүн жыйынтыгында Түркиянын ЕБ жана АКШ менен карым-катнаштарында кыйынчылыктар болоорун күтөсүзбү?

Ибрахим Калын: - Жок. Жалпылап айткым келбейт, бирок айрым темаларда кыйынчылыктар туулушу мүмкүн, аларды да чечебиз. Туура айтасыз Орусия жана Израиль менен карым-катнаштарда оңолууну камсыздадык. Башынан бери биздин саятыбыз ушундай болду. 2010-жылдагы «Мави Мармара» окуясы жана жакынкы убактагы Орус согуштук учагынын айынан бул маселерге туш болдук. Эми буларды артка калтырдык. Ошол эле учурда аймагыбыздагы коопсуздук коркунучтарында жылыш болбой турат. Сирияда согуш уланган сайын, Иракта коопсуздук маселеси болуп турган сайын биз таасир албай кое албайбыз. Бирок жалгыз Түркия эле эмес ар ким Европа, бардык Европа өлкөлөрү, Иордания, Ливан, Ирак жана башка баардык өлкөлөр таасир алышууда. Ошондуктан бул маселе аймакты жана дүйнөлүк аракетти акылуу кылат. Табигый түрдө шериктештерибиз, коңшуларыбыз менен бул коркунучтарды жок кылыш үчүн чогуу кызматташууну каалайбыз. Бирок эң алдыңкы орунду өз улуттук коопсуздугубуздун камсыздалышына бөлүүгө аргасызбыз. Түркия бир эле убакта бирден көп террор уюмдары менен согушууда. Ошондуктан табигый түрдө шериктештерибизден жана коңшуларыбыздан түшүнүү, кызматташуу жана колдошууну күтүүдөбүз.

Кабарчы: -Эл аралык жамаатка жана түрк улутуна маалымат бериш үчүн 30 секундуңуз бар экенин айтсам, эмне маалымат берет элеңиз?

Ибрахим Калын: -Түрк улуту бул төңкөрүштүн мизин майтарыш үчүн эбегейсиз эрдик жана сыймыкты көрсөттү. Дүйнө жүзү бизди төңкөрүш аракетин кылгандарга каршы колдогондору үчүн ырахмат айтамын. Өлкөбүздө демократияны, укуктун үстөмдүгүн жана эркиндикти күчтөндүрүү жолундагы күрөшүбүздү колдоолорун уланта берет деген ойдомун.



Тектеш кабарлар