Мамлекеттин жетекчилигинин кайрылуусу

Президент, парламент төрагасы жана премьер-министрдин кайрылуусу.

Мамлекеттин жетекчилигинин кайрылуусу

Четке кагылган төңкөрүш аракетинен кийин президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын биримдигин, бүтүндүгүн, туугандыгын көрө албагандардын 15-июлдагы мамлекетти колго алуу аракетинин куралдуу кыймылга айланган окуя болгон түндө өлкөнүн төрт тарабынан бардык атуулдардын кайдыгер калбай аянттарды толтурушунан улам ФЕТӨ таштаган кадам четке кагылганын эскертти.

«Бардык атуулдарым аянттарды толтуруп, алардын танка жана замбиреги бар болсо биздин ыйманыбыз бар деп аларга каршы турушту. Бул жаш туугандарыбыздын танкалардын септеринин астына жатышы адаттагы бир окуя эмес. Бул бир ыймандын өзгөчө далили болуп эсептелет. Муну кылышты»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман да улут катары бир денедей болгонун белгилеп, бул кайгыны салгандардын тийиштүү жазага тартыла тургандарын айтты.

Кахраман: «Бул террор болуп эсептелет. Козголоң ийгиликке жеткен жок. Мамлекет бул окуянын жооптууларынын ички жана тышкы уландыларынын табылышын камсыздайт. Муну укуктун негизинде жасайт»,-деп айтты.

Премьер-министр, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башчысы Бинали Йылдырым болсо, демократияны коргоп чыккан түрк калкына ырахматын айтып, «Көздөрүн май баскан, жиндидей абалга келишкен. Бирок алардын билбегендери улуттун үйүнө тийишкендин колу күйөт. 24 саат өтө электе алардын колу күйдү. Сокку киришүүсүн кылган эч ким жыргап кеткен жок. Мындан кийин да жыргашпайт. Эч ким мындан кийин улуттун эркине кол салууга батына албайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар