Кечээ улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү

Улуттук коопсуздук кеңеши Президент Гүлдүн жетекчилигинде акыркы жолу чогулду.

90212
Кечээ улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү

Президент Абдуллах Гүл акыркы жолу жетекчилик кылган Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны кечээ өттү.
Жыйналышта Ирак жана Газадагы абал каралды.
Жыйналыштан кийинки жазуу түрүндөгү маалыматтандырууда, элдин коопсуздугун кызыктырган темалардын кеңири түрдө каралганы баса белгиленди.
Жыйналышта Ирактагы абалга атайын көңүл бурулду.
Улуттук коопсуздук кеңешинин жарыясында, «Иракта уланып жаткан жана акыркы күндөрдө күчөп бараткан кагылышуулардын өлкөбүз жана аймагыбызга чагылышуулары сүйлөшүлүп, тынчтыктын түзүлүшү үчүн Ирак калкына жана жаңы өкмөт түзүү иш-аракеттерине колдообуз улантыла турганы айтылды. Бул өлкөдө унутулуп бараткан Мусул консулдугубуздун кызматкерлери менен түркмөн туугандарыбыздын абалдары талкууланды»,-деп жазылды.
Израилдин Газага жүргүзүп жаткан операциялары сүйлөшүлдү жана адамдардын кырылып жаткандыгы өкүндүргөндүгү сөз кылынды.
Айрыкча Газага карай гуманитардык жардамдардын улам көбөйүп улана турганы баса белгиленди.
Президент Абдуллах Гүл жыйналышта кызмат мөөнөтүнүн толгонунун себебинен кеңештин мүчөлөрү менен коштошту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар