Үчүнчү аэропорттун пайдубалы түптөлүүдө

Стамбулда курула турган үчүнчү аэропорттун пайдубалы премьер – министр Р. Т. Эрдоган катыша турган салтанат менен бүгүн түптөлөт

85893
Үчүнчү аэропорттун пайдубалы түптөлүүдө


Кур – Иштет – Өткөрүп бер модели менен тендери болгон үчүнчү аэропорт бүткөрүлгөндө жылдык 150 миллион жүргүнчү көлөмүнө ээ болот. Жаңы аэропорт бүткөндө 165 жүргүнчү көпүрөсү, станциялардын арасындагы транспорттун темир жол системасы менен курулган 4 башка станция имараты, 3 техникалык блок жана аба жолун көзөмөлдөө мунарасы, 8 көзөмөлдөө мунарасы, бардык учактардын операциясына ылайык 6 аянт, 16 такси жолу, 500 учактык парк, жүк ташуучулук жана жалпы авиация станциясы, мамлекеттик конок үйү, 70 миңге жакын танспортту ичине ала турган ачык жана жабык авто парк, авиациялык медицина борбору, мейманканалар, өртч өчүргүч жана гараж борбору, ыбадатканалар, конгресс борборлору, электр станциясы, таштандаларды тазалоо копмплекси сыяктуу курулуштар болот.
Жалпы 10 миллиард 247 миллион евро жумшала турган аэропорттун 2018 – жылы бүткөрүлүүсү максат кылынууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар