Түрк дүйнөсүнөн кабарлар – 41

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касейиновго «Жогорку кызмат сыйлыгы» берилди.

826574
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар – 41

Түрк дүйнөсүндө болгон жаңылыктар менен кабардар кылган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер. Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Анкарадан.

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касейиновго «Жогорку кызмат сыйлыгы» берилди.

Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы профессор Дүйсен Касейинов түрк тили, маданияты жана өнөрүнүн сакталышына кошкон салымынан улам Түркия республикасынын «Тышкы иштер министрлигинин жогорку кызмат» сыйлыгына ылайык көрүлдү.

Түркиянын дос жана бир тууган өлкөлөр Азербайжан, Белорусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Украина менен ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын түзүлүшүнүн 25 -  жылы Анкарада белгиленди.

Анкара Паласта өткөрүлгөн иш чарага тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов 1992 -  жылы советтер союзунан бөлүнүп көз карандысыздыгына жетишкен 10 өлкөнүн элчилери жана дипломатиялык өкүлдөрү катышты.

Түрк маданиятын жашатуу жана келечекти урпактарга жеткирүү миссиясын аткарган ТҮРКСОЙдун курулушунан бери 25 жыл өткөндүгүн баса белгилеген Чавушоглу ТҮРКСОЙдун баш катчылыгын 2008 -  жылдан бери аткарып келе жаткан профессор Дүйсен Касеиновго түрк дүйнөсүнө кошкон салымы жана кызматтарынан улам рахмат айтты. Чавушоглу ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеиновго «Тышкы иштер министрлигинин жогорку кызмат сыйлыгын» тапшырды. Сыйлыгын алгандан кийин сөз сүйлөгөн Касеинов ТҮРКСОЙдун 25  жылдыгын куттуктап бир туугандык, достук жана аймактагы тынчтыктын туруктуу болушун каалады. Касеинов : «Бул жерде ыраазычылык билдириле турга болсо өнөрпоз досторумун, түрк дүйнөсү жетиштирген маданият инсандарынын бул ийгиликте үлүшү абдан көп. Ушул себеп менен медалды бардык өнөрпоз  жана маданият  инсандарынын атынан алып жаткандыгымды айткым келет»,- деди.

Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу  сыяктуу иштеген ТҮРКСОЙдун үй ээси Түркия экендигин эске салган Касеинов кызматка келгенден баштап тышкы иштер министрлиги менен маданият жана туризм министрлигинин Түркиянын бардык маселелери жана элчилеринин бардык мүмкүнчүлүктөрү менен ТҮРКСОЙдун жанында экендерин баса белгилеп рахмат айтты.

Эмки кезекте Казакстандан кабарыбыз бар.

Казакстан информация жана кабарлашуу министри Даурен Абаев : «Казакстанда өкүлчүлүгү болгон Түркия теле  - радио мекемеси ТРТ жана Анадолу агенттигинин эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын дагы да күчтөнүшүндө маанилүү бир көпүрө болоруна ишенем»,- деди. Абаев борбор калаа  Астанадагы Казмедиа имаратында өткөрүлгөн Астана медиа жумалыгынын ачылуу аземине катышты. Иш чарага катышкан  фирмалардын стенддерин кыдырган Абаев Анадолу агенттигинин кабарчысына берген малыматта Медиа жумалыгынын басма сөз тармагындагы карым – катнаштарын аймактык жана эл аралык деңгээлде өнүгүшүнө ылдамдык алып келерин белгиледи.

Казакстан менен Түркиянын басма сөз жаатындагы карым – катнаштарына токтолгон Абаев : «Түркиянын телекөрсөтүү жана агенттиктери менен кызматташтык түзүүгө ар дайым даярбыз. Казакстанда өкүлчүлүгү бар ТРТ жана Анадолу агенттигинин эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын дагы да күчтөнүшүндө маанилүү көпүрө болоруна ишенем»,- деди. Медиа жумалыгына жергиликтүү жана чет элдик телекөрсөтүү каналдар менен 90 фирма катышууда.

Акыркы кабарыбыз Өзбекстандын борбор калаасы Ташкенттен.

Ташкентте Өзбекстан  - Орусия иш форуму өткөрүлдү.

Өзбекстан Орусияга экспорттогон жашылча – жемиш жана мөмөм – чөмөлөрдүн жылдык көлөмүн 1 миллиард долларга чыгарууну максат кылууда.

Орусия өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен Өзбекстандын тышкы соода министри Эляр Ганиевдин жетекчилигинде Ташкентте өткөн Өзбекстан  - Орусия иш форумунда орус жана өзбек ишкерлер менен мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты. Форумда сөз сүйлөгөн Ганиев бул жылы Өзбекстандын Орусияга экспорттогон жашылча – жемиш жана мөмөлөрдүн көлөмүнүн 30 пайызга арткандыгын, бул өсүүдө Өзбекстан жашылча – жемишинин Орусияга экспорттолушунда бажы иштеринин оңойлоткон «жашыл коридор» системасынын маанилүү роль ойногондугун белгиледи. Ганиев эки өлкөнүн ортосундагы сооданын түрдөнтүлүшү тууралуу эки жылдын ичинде Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы жылдык тышкы соода көлөмүнүн 8 – 10  миллиард долларга чыгарылышы пландалып жаткандыгын айтты.

Мантуров да акыркы мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын ылдам өнүгүшүнөн улам жылдын биринчи жарымында Орусиянын кайрадан Өзбекстандын эң чоң соода ортогу болгондугун белгиледи. Эки өлкөнүн тышкы соодасындагы бул өсүүнүн туруктуу болушу үчүн тараптардын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун жана орток проектилердин турмушка ашырылышы керектигин айткан Мантуров өлкөсүнүн ушул алкакта өзбек өнөктөштөрү менен кызматташтыкка даяр экендерин баса белгиледи.

Орус  - Өзбек иш форумунда нефтехимия, транспорт, айыл – чарба, медицина, өнөр жай өндүрүшү тармактарындагы кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнө байланыштуу эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Расмий маалыматтарга караганда азыр да Өзбекстанда орус капиталдуу миңге жакын ишкана, Орусияда болсо өзбек капиталы менен курулган 569 ишкана иш алып барууда. Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы соода көлөмү өткөн жылы 4, 2 миллиард доллар болуп, бул сан жылдын январь -  август айларында 3 миллиард доллардан ашты.



Тектеш кабарлар