Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданият борбор шаардыгына даярданууда

2019  Түрк Дүйнөсүнүн Маданий Борбор Шаары деп жарыяланган Кыргызстандын Ош шаарында түрдүү иш чаралар өткөрүлөт.

Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданият борбор шаардыгына даярданууда

Эл аралык түрк маданият уюму ТҮРКСОЙ тарабынан 2019  Түрк Дүйнөсүнүн Маданий Борбор Шаары деп жарыяланган Кыргызстандын Ош шаарында түрдүү иш чаралар өткөрүлөт.

Ош мэриясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Кастамонудан кийин 2019 түрк маданият борбор шаары наамын өткөрүп алган Кыргызстандын экинчи чоң шаары Ошто адис жана тажрыйбалуу топтун иш чараларды өткөрүү үчүн даярдыктарды баштагандыгы билдирилди.

Маалыматта аперль айында ачылуу аземи менен баштала турган иш чаралардын негизинде «Жибек Жолундагы Ош шаары : кечээкиси, бүгүнү, эртеңи» симпозиумунун өткөрүлөрү белгиленди.

Жылдын ичинде эл аралык бий фестивалдары менен бирге түрк мамлекеттеринин жаштык форумдары, түрк дүйнөсүнүн жазуучу жана акындардын жыйындары, кино жумалыгы, эл аралык сүрөт жарыштары, мода фестивалдары, скульптура жана өнөрпоз жыйындарынын өткөрүлүшүнүн пландалгандыгы билдирилди.

Маалыматта Ош шаарындагы Сүлайман тоосунун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилишинин 10 жылдыгынан улам кыргыз жана Ош маданиятынын танытылары маалымдалды.

Бул жылдын акырына карай жабылуу аземи менен ТҮРКСОЙ 2020  маданий борбор шаары тандалуу менен иш чаралардын акырына чыгары белгиленди.



Тектеш кабарлар