4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын стратегиясы белгиленди

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы (DEK-WEC) менен Түрк Кеңешинин жетекчилери жолуккан иш тамагында меморандумга (MoU)  кол коюлду.

4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын стратегиясы белгиленди

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы (DEK-WEC) менен Түрк Кеңешинин жетекчилери жолуккан иш тамагында меморандумга (MoU)  кол коюлду.

Иш тамагында 2020-жылы Түркияда өтө турган 4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын стратегиясы да белгиленди.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреев жана кеңештин жетекчилери катышкан иш тамагы Стамбул Мэриясынын жаштар мажлисинин кожоюндугунда Тунустук Хайреддин Паша конагында ишке ашты.

Эл аралык кызматташтык темалары каралган иш тамагында Дүйнөлүк этпоспорт конфедерациясы менен Түрк Кеңешинин ортосунда бир топ тармакты камтыган меморандумга кол коюлду.

Иш тамагында 2020-жылы Түркияда боло турган 4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн жүргүзүлө турган стратегияларга баа берилди.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, өз сөзүндө Түрк Кеңешинин иштерине канагаттангандарын айтты.

4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү темасында Түрк Кеңеши менен кызматташып иштөөгө ынтызары болгонун билдирген Эрдоган, Мемордандумдун жаштар жана спорт тармагындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү жолунда ар бир эки уюм үчүн таасирдүү жана систематикалык механизм түзө турганын айтты.

Эрдоган, Түрк Кеңешинин тарыхы терең тамырларга жана рационалдуу кызматташтык принциптерине таянган бир туугандык байланыштарын күчтөндүрүү темасындагы мүчө өлкөлөрдүн чечкиндүүлүгүн символдогонуна басым жасады.



Тектеш кабарлар