Транспорт жана инфраструктура министри Мехмет Жахит Турхан Азербайжанга барды

Министр Турхан, 24-Эл аралык телекоммуникация, инновация жана жогорку технологиялар жарманкесине (BAKUTEL 2018) катышуу үчүн барган Азербайжанда президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.

Транспорт жана инфраструктура министри Мехмет Жахит Турхан Азербайжанга барды

Транспорт жана инфраструктура министри Мехмет Жахит Турхан, Азербайжандагы жолугушууларынын алкагында президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.

Министр Турхан, 24-Эл аралык телекоммуникация, инновация жана жогорку технологиялар жарманкесине (BAKUTEL 2018) катышуу үчүн барган Азербайжанда президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.

Алиев, бул жердеги сөзүндө Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын транспорт жана инфраструктура менен кошо бардык тармакта ийгиликтүү түрдө өнүккөнүн айтты.

Транспорт тармагындагы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка токтолгон Алиев, өткөн жылы ишке кирген Баку-Тбилиси-Карс темир жолу долбоорунун, бир гана аймак эмес, дагы кеңири аймактар үчүн дагы чоң мааниге ээ болгонун баса белгиледи.

Президент Алиев, эки өлкөнүн байланыш тармагында кызматташканын, Түрк фирмаларынын Азербайжанда бул тармакта көп жылдар бою иштегендерин айтты.

Алиев байланыш тармагындагы кызматташтыктын дагы да кеңейтилиши үчүн чоң үмүттөрү бар экенин айтты.

Министр Турхан да, Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын терең тамыры болгонун белгилеп, Азербайжанда инфраструктура жана шаарды өнүктүрүү менен кошо бардык тармакта чоң өнүгүүгө күбө болгондорун айтты.

Маркум президент Гайдар Алиевдин Азербайжан жана Түркия үчүн айткан «бир улут, эки мамлекет» сөзүн эске салган Турхан, Азербайжандын ийгиликке жетишүүлөрүнүн Түркияда кубануу менен кабыл алынганын билдирди.

Турхан эки өлкөнүн мындан кийин дагы ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыра тургандарына басым жасады.

Алиев жана Турхан, андан кийин BAKUTEL жарманкесинде жолукту.

Жарманкени кыдырган Алиевди Түркия павильонунда министр Турхан тосуп алды.

Түрксат, ПТТ, Түркселл жана Хавелсан сыяктуу фирмалар орун алган Түркия павильонун кыдырган Алиев, министр Турхандан фирмалардын иштөө тартиби жөнүндө маалымат алды.



Тектеш кабарлар