Казакстан АКШнын Ванденберг аба базасынан эки спутник учурду

KazSTSat  жана KazSciSat-1 спутниктери Falcon 9 ракетасы менен АКШнын Ванденберг аба базасынан ийгиликтүү учурулду.

Казакстан АКШнын Ванденберг аба базасынан эки спутник учурду

Казакстан коргоо жана авиация өнөр жайы министрлигинен берилген маалыматта KazSTSat  жана KazSciSat-1 спутниктеринин Falcon 9 ракетасы менен АКШнын Ванденберг аба базасынан ийгиликтүү учурулгандыгы белгиленди. Маалыматта спутниктердин орбита космостук унаасынын долбоору, монтаж жана тести үчүн технологиялардын өнүктүрүлүшү, ионосферде илимий  изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн колдонулары билдирилди.



Тектеш кабарлар