Элчи Жунусов Анкарада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө байланыштуу азем өткөрдү

Бул иш-чара Кыргыз мамлекеттинин эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгын Түркияда белгилөө темасы менен өтүп, элчи Жунусов өзүнүн 4 жылдык кызмат мөөнөтү убагында аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

Элчи Жунусов Анкарада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө байланыштуу азем өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Кожоназарович Жунусов төрт жылдык кызмат мөөнөтү аяктап жаткандыктан Түркиянын борбор калаасы Анкарада жумурай журтту чакырып коштошуу аземин өткөрдү.

Бул иш-чара Кыргыз мамлекеттинин эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгын Түркияда белгилөө темасы менен өтүп, элчи Жунусов өзүнүн 4 жылдык кызмат мөөнөтү убагында аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

Элчи өз сөзүндө эки өлкөнүн карым-катнашы эки эгемендүү өлкө эле эмес  эки бир туугандын карым-катышындай болушу керектигин айтып,  «Кыргыз Республикасынын желегинде күн бар жана ал 12 саатты билдирип турса, Түркия Республикасынын желегинде ай-жылдыз бар жана ал дагы 12 саатты берип турса экөө бирге 24 саатты берип бир күндү сиволдойт» деп  эки өлкөнүн ынтымагы түбөлүктүү болушун каалады.

Иш-чарага Түркия мамлекетинен расмий адамдар менен катар Жунусов менен карым-катышта болуп Кыргызстанды сүйгөн адамдардын бардыгы келишип элчиге каалоо-тилектерин айтып жатышты.

Ошондой эле сүрөтчү Асан Турсункуловдун «Боз талаанын баатырлары» аттуу сүрөт көргөзмөсүнөн бир канча картина залга коюлуп келгендерди суктандырып турду, аны менен бирге  Кыргызстандан Нурлан аттуу саксафон черткен жигит келип кыргызча, түркчө обондорду жаңыртып аны менен катар Жунусовдун обондорун жаңыртып турду.

Элчини куттуктаганы келген Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан,Түркмөнстандын элчилери Жунусовдун мөөнөтүнүн аяктаганына ичтери сыздап турганы билинип турду. Алар иш-чаранын шарданы менен аягына чейин болуп, Жунусовдун обондору менен вальс  бийлеп да алышты.

Ал эми Түркиядагы кыргыз жарандары ушундай мыкты элчини узаткысы келбей, жөнөткүсү келбей жатканын айтып жатышты. Өздөрүнүн чакан белектерин ала келишип элчиге каалоо-тилектерин билдиришти.

Эске сала кетсек профессор Ибрагим Жунусов мындан аркы элчилик кызматын Өзбекстанда улантат.



Тектеш кабарлар