Өзбекстан - Азербайжан аскердик кызматташуусу

Ташкентке барган Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов менен жолугушту.

1067649
Өзбекстан  - Азербайжан аскердик кызматташуусу

Өзбекстан жана Азербайжан коргоо министрликтеринин ортосунда 2019 – жылы аскердик кызматташуу планына кол коюлду. Өзбекстан коргоо министрлигинин басма сөз офисинен берилген маалыматта коргоо министри Абдусалом Азизов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн борбор шаар Ташкентке барган Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов менен жолугушту.

Эки министр өлкөлөр арасындагы аскердик билим берүү тармакарындагы кызматташтык жана перспективалар менен бирге аскердик техникалык карым  - катнаштардын дагы өнүктүрүлүшүн сүйлөшүштү.

Жолугушууда эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин ортосунда 2019 -  жылы аскердик кызматташтык планына кол коюлду. Азизов өзгөчө Белорусиянын коргоо министри Андрей Павков менен да жолугушту.

Эки өлкөнүн ортосундагы аскердик билим берүү тармагындагы карым  - катнаштарды өнүктүрүү темалары каралып чыккан сүйлөшүүдөн кийин эки өлкөнүн коргонуу министрликтеринин ортосунда да 2019 -  жылы аскердик кызматташтык планына кол коюлду. План Өзбекстан менен Белорусиянын ортосунда орток аскердик машыгуунун өткөрүлүшүн камтууда.



Тектеш кабарлар