ТҮРКПА уюмуна Өзбекстан жана Түркмөнстан дагы кошулушу керек

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым, Антальяда ТҮРКПАнын тар курамдагы жыйынына катышты.

1065044
ТҮРКПА уюмуна Өзбекстан жана Түркмөнстан дагы кошулушу керек

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы (ТҮРКПА) уюмуна Өзбекстан жана Түркмөнстандын да кошулушу үчүн аракет кылынышы керектигин айтты.

Йылдырым, Антальяда ишке ашырылган «Евразияда экономикалык кызматташтык, экология жана туруктуу өнүгүү» темалуу Евразиянын парламент төрагаларынын үчүнчү жыйналышынын алкагында ишке ашкан ТҮРКПАнын тар курамдагы жыйынына катышты.

Йылдырым, бул жердеги сөз сүйлөөсүндө ТҮРКПАнын мүчөлөрүн Түркияда тосуп алганы үчүн абдан ыраазы болгонун белгиледи.

ТҮРКПАда орун алган Азербайжан, Казакстан, Кыргызстандын парламент төрагалары катары орток максат үчүн чогулгандарын айткан Йылдырым: «Бул жаш уюм ТҮРКПАнын өлкөлөрүбүздүн парламенттеринин атынан абдан жакшы иштерди аткара турганына ишенемин. Бул үй-бүлө парламенти, аталарыбыздан алган мурасты, бизден кийинки муундарга өткөрүүнү максаттайт. Кыска мөөнөттүн ичинде Өзбекстандын толук же байкоочу мүчө болушун каалайбыз. Бул биздин орток максатыбыз. Түркмөнстандын дагы кандайдыр бир түрдө кошулушу үчүн аракет кылышыбыз керектигин ойлоодомун»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар