Казакстанда дүйнөлүк нефть кеңешинин жыйыны

OPEC өлкөлөрү да катышкан дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн энергетика тармагындагы адистер катышкан WPC жыйыны эртең аяктайт.

Казакстанда дүйнөлүк нефть кеңешинин жыйыны

Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев энергетика секторунда инвестиция карым  - катнаштарын тереңдетүүнү максат кылышкандарын белгилеп : «Бүгүнкү дүйнөлүк нефть кеңешинин жыйыны дүйнөгө жаңы мүмкүнчүлүк жана күтүүлөрүбүз тууралуу маалымат берүү үчүн мыкты бир мүмкүнчүлүк болду»,- деди.

Казакстандын борбор шаары Астанада кечээ башталган Дүйнөлүк нефть кеңеши WPC жыйынынын негизинде «Инвестиция мүмкүнчүлүктөрү, улантууга боло турган өнүгүү үчүн жаңы жолдор» деген темада конференция өткөрүлдү.

Конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн Казакстандын энергетика министри Бозумбаев нефтехимия секторуна салынган инвестициянын өлкө экономикасынын өсүшүнө салым кошкондугун айтты.

Казакстандын Атырау облусундагы нефтехимия аймагында салык жана бажы жеңилдигин берген секторго инвестиция тартууну максат кылышкандарын билдирген Бозумбаев өзгөчө сектордогу процесстердин жөнөкөйлөштүрүлгөндүгүн, лицензия берүү процессинин да азайтылгандыгын белгиледи.

Энергетика бааларындагы толкундоо процессинде бир диалог платформасы катары WPCтин маанисинин барган сайын арткандыгын белгилеген Бозумбаев WPCтин нефть жана жаратылыш газ секторуна инвестиция тартуу, базар базисин өнүктүрүү, инновация жана энергетика түшүмдүүлүгүн арттыруу сыяктуу максаттарынын бар экендигин айтты.

Министр Бозумбаев : «Энергетикадагы чоң өнөктөштөрүбүз менен инвестиция карым  - катнаштарын тереңдетүүдө чечкиндүүбүз. Бүгүнкү Дүйнөлүк нефть кеңешинин жыйыны дүйнөгө жаңы бир мүмкүнчүлүк жана күтүүлөрүбүз тууралуу маалымат берүү үчүн мыкты бир мүмкүнчүлүк болду»,- деди.

OPEC өлкөлөрү да катышкан дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн энергетика тармагындагы адистер катышкан WPC жыйыны эртең аяктайт.



Тектеш кабарлар