Элчи Жунусов Анкарада мекендештер менен жолукту

Түркиянын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

1055118
Элчи Жунусов Анкарада мекендештер менен жолукту
KIRGIZİSTAN_BUYUKELÇİSİ_BULUŞMA2.jpg

Кечээ 22-сентябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Анкаранын борборундагы «Ала-Тоо» кафесинде өтүп, Түркияда иштеп жүргөн кыргыз жарандары өз көйгөйлөрүн айтып калуу үчүн жык жыйма толду.

Элчи Жунусов, өз сөзүндө акыркы мезгилде Түркиянын чоң шаарларында Кыргызстандан келип иштеп жүргөн мекендештер көбөйүп кеткенин, анын ичинен үй кызматтарында иштеген жаш кыз-келиндер абдан арбыганын айтып, мекендештерди туура,түз жүрүүгө үндөп, өзүнүн кеп кеңештерин айтты.

Жыйналышка катышкан кыз-келиндер дагы өздөрүнүн көйгөйлөрүнө чечүүчү жол табыш үчүн элчиге жана Элчилик кызматкерлерине кайрылышты. Мисалга алсак, ар түрдүү жолдор менен Кыргызстандан Түркияга кыз-келиндерди алып келип жаткан жасалма фирмалардын жоюлуусун, алардын көзөмөлгө алынуусун талап кылышты. Элчи мырза дагы буларды тийиштүү органдарга билдире тургандарын жана ошондой эле ушундай жыйындардын тез-тез өткөрүлүп турушу жарандардын көйгөйлөрүн билүүгө жана чечүүгө өбөлгө болоорун айтты.

 



Тектеш кабарлар