Түрк фирмалары Ташкент-Самарканд жолун салат

3,5-4 саатта өтүлүүчү Ташкент-Самарканд багыты аты аталган долбоордун ишке ашырылышынан кийин 2 саатта өтүлөт.

Түрк фирмалары Ташкент-Самарканд жолун салат

Түрк фирмаларынын консорциуму Өзбекстандын тийиштүү органдары менен борбор шаар Ташкент менен тарыхый шаар Самаркандды туташтыра турган өлкөдөгү алгачкы акы төлөнүүчү автотрасса куруу долбоорунун кеңерисин сүйлөштү.

Өзбекстандын Мамлекеттик инвестиция комитетинин жарыясына караганда комитеттин төрагасынын 1-орун басары Лазиз Кудраров, Женгиз-Колин-Кальен түрк фирмалары консорциумунун жооптуу кызматкерлери менен жолугуп, өлкөдө курула турган алгачкы акы төлөнүүчү автотрасса долбоорун кеңири карап чыгышты.

Жарыяга караганда Өзбекстандын тийиштүү министрлик жана мамлекеттик мекемелеринин жооптуу кызматкерлери да катышкан жолугушууда түрк тарабы долбоор тууралуу сунуштарын сунуп жатканда өзбек жооптуу кызматкерлери долбоор тууралуу пикирлерин сунушташты. Жолугушууда аты аталган автотрасса өтө турган багыт, автотрасса курулушунун талаа аянттары, жайлоо жана чөйрөгө зыянын болушунча азайтуунун жолдору да каралып чыкты.

Өлкөдөгү алгачкы акы төлөнүүчү автотрасса болушу пландалган Ташкент-Самарканд багытынын курулушу тууралуу меморандумдун президент Режеп Таййип Эрдогандын апрель айында Өзбекстанга жасаган расмий сапары убагында камсыздалганы эске салынып, буга караганда аты аталган автотрассанын 2019-2020-жылдар аралыгында ишке ашырылышынын баса белгиленгени айтылды.

Долбоорго караганда дагы деле 3,5-4 саатта өтүлүүчү Ташкент-Самарканд багыты аты аталган долбоордун ишке ашырылышынан кийин 2 саатка түшөт.



Тектеш кабарлар