Казакстандын экономикасы өсүүдө

Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сүлейманов экономиканын жылдын биринчи 8 айында 3, 8 пайызга өскөндүгүн билдирди.

Казакстандын экономикасы өсүүдө

Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сүлейманов экономиканын жылдын биринчи 8 айында 3, 8 пайызга өскөндүгүн билдирди.

Сүлейманов министрлер кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө бул жылдын январь  - август мезгилинде өлкөнүн экономикасынын өсүшүндө ылдамдоо болгондугун белгилеп : «Экономикалык өнүгүү дүйнө базарындагы тобокелдиктер болуп жаткан шарттарда болуп жатат. Отчет берүү мезгилинде өлкөнүн улуттук кирешеси 3,8 пайызга жетти» ,- деди.

Министр Сүлейманов максаттарынын жылдын акырындагы өсүү катнашын 4 пайызга жогорулатуу экендигин белгиледи.

1 -  сентябрдан баштап өлкөнүн эл аралык резервдеринин 87, 3 миллиард доллар экендигине да көңүлдөрдү бурган Сүлейманов алтын резервдеринин 0, 1 пайызга артып 30, 8 миллиард долларга чыккандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар