Кыргызстанда этно шаар ачылды

3 -  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизинде курулган этно шаар ачылды.

gocebe oyunlari.jpg
gocebe oyunlari kirgizistan.jpg

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жетекчилигинде кечээ башталган 3 -  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизинде курулган этно шаар ачылды.

Кыргызстандын Кырчын жайлоосунда 3 -  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн 500дөн ашуун боз үй тигилген этно шаардын ачылышы болду.

Түркия теле – радио корпорациясы ТРТ жана Анадолу агенттиги да медиа өнөктөшү болгон 3 -  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бир бөлүгү болгон этно шаардын ачылышын Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков аткарды.

Ачылууда өнөрпоздор жана студенттерден турган кенен масштабдуу группа «Көчмөндөрдүн алтын доору» деп аталган театр оюну менен кыргыздардын тарыхы менен көчмөн турмуштун салттарын сахнага чыгарды.

Президент Жээнбеков оюндардын жогорку деңгээлде өткөрүлүшүнө берген колдоодон улам калкына жана уюштуруучуларга рахмат айтты.

Жээнбеков ар бир эки жылда бир өткөрүлгөн 3 -  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышын түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлеринен болгон Президент Р. Т. Эрдоган жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбан, Орусияга караштуу Татарстан республикасынын президенти Рүстем Миннихановдун катышуусу менен аткарышкандарын айтты.

Президент Жээнбеков көчмөн цивилизациясынын философиясынын өнүктүрүлүшү үчүн оюндардын төртүнчүсүнүн Түркияда өткөрүлүшү үчүн президент Р. Т. Эрдогандын колдоосун алышкандарын белгиледи.

Келерки оюндардын Түркияда өткөрүлөрүн билдирген Жээнбеков Түркия калкына жана Эрдоганга колдоолорунан улам рахмат айтты.



Тектеш кабарлар