Түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын саммити аяктады

Президент Эрдоганды Бишкек «Манас» эл аралык аэропортунан жетекчилер узатышты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын саммити аяктады

Кыргызстандын кезектешкен башкаруучулугунда өткөрүлгөн Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин алтынчы мамлекет башчылары саммити аяктады.

Чолпон  - Ата шаарындагы «Рух ордо» комплексинде «Жаштар кызматташтыгы жана улуттук спорт» деген темада өткөрүлгөн саммиттен кийин кол коюлган жыйынтык билдирүүсүндө кеңештин башкы катчылыгына Казакстандын Тегерандагы мурунку элчиси Багдад Амреевдин алып келингендиги белгиленди.

Амреев да журналисттерге берген маалыматында Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин келечекке карата маанилүү иш чаралары жана кыймыл планын камтыган жыйынтык билдирүүсүнө кол коюлгандыгын белгилеп : «Саммитте Венгрия  байкоочу статусун алды. Бир тууган венгер калкынын тегин унутпаптыр. Венгерлер аталарын унутпагандыктан биз да абдан кубандык»,- деди. Амреев саммитке катышкан Өзбекстандын мүчөлүгүнүн да жакынкы убакта кабыл алынарын ойлогондугун айтты.

Саммитке президент Р. Т. Эрдоган, Казакстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен бирге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбан да сыймыктуу коногу катары катышты.

Бир тараптан президент Эрдоган Кыргызстан жолугушууларын аяктап Түркияга кайтууда.

Эрдоганды Бишкек «Манас» эл аралык аэропортунан жетекчилер узатышты.

Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, үй -  бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министри Зехра Зүмрүт Селчук, жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, соода министри Рухсар Пекжан, транспорт жана базис министри Жахит Турхан, Улуттук чалгындоо уюмунун  төрагасы Хакан Фидан, президенттиктин катчысы Ибрахим Калын жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Жевдет Йылмаз да борбор шаар Бишкектен кетишти.

 

 

 



Тектеш кабарлар