Өзбекстанда Курман айт майрамы

Өзбекстанда Курман айттан улам эрте менен өлкөдөгү бардык мечиттерде майрам намазы окулду.

Өзбекстанда Курман айт майрамы

Борбор шаар Ташкентте миңдеген киши майрам намазы үчүн эрте менен мечиттерге барышты. Мечиттер жайгашкан проспект жана көчөлөр унааларга жабылып, мечиттердин тегерегинде коопсуздук чаралар көрүлдү.

Өзбекстан кабар агенттиги жалпы өлкөдөгү 2 миңден ашуун мечитте окулган майрам намазына жалпы 15 миллиондон ашуун кишинин  катышкандыгын жарыялады.

«Осман Мусхафы» деп билинген жана үстүнө Азырети Османдын каны төгүлгөн жейрен терисине жазылган Куран сакталган Ташкентте Азырети Имам комплексиндеги майрам намазынын кутбасын Өзбекстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын төрагасы Османхан Алимов окуду.

Намаздан кийин өлкөнүн өнүгүшү, бейкуттук, тынчтык, бүткүл дүйнөдө тынчтык жана ыраатуулуктун болушу үчүн дуба кылынды.

Майрам намазынан кийин ошол эле комплекстеги Өзбекстан мусулмандарынын диний башкармалыгына барган өлкөдөгү башка диндердин өкүлдөрү мусулмандарды майрамы менен куттуктады.



Тектеш кабарлар