Астанада 9 мечитте намаз окулду

Мусулмандар намаздан кийин мал базарына барып, курмандык чалышты жана жакырларга эт таркатышты.

1035925
Астанада 9 мечитте намаз окулду

 Казакстандын борбор шаары Астанада мусулмандар 9 мечитте майрам намазын окушту. Миңдеген мусулман майрам намазы үчүн борбордук мечит Нур Астанага барышты. Мечитке батбагандар короодо окушту. Мусулмандар намаздан кийин мал базарына барып, курмандык чалышты жана жакырларга эт таркатышты.

Курман айт майрамынын негизинде мечит короолорунда салттык спорт жана кайрымдуулук иштери аткарылды.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жарыялаган куттуктоосунда Казакстанда ар башка дин жана этникалык топтордун өкүлдөрүнүн жашагандыгын белгилеп : «Курман айт майрамы дин жана улутка карабастан руханий бүтүндүгүбүздү, биримдигибизди жана калкыбыздын  бири бирине карата урмат сыйын күчтөндүрүүгө маанилүү салым кошууда»,- деди.

Казакстан мусулмандар диний башкармалыгынын төрагасы, башкы муфтийи ажы Серикбай Ораз да Курман айттын мусулмандардын эң негизги эки майрамынын бирөөсү экендигине көңүлдөрдү буруп, кылымдардан бери элдин бул майрамды майрамдап келгендигин жана атайын даярдыктардын көрүлгөндүгүн айтты.

Түркиянын Астанадагы элчилигинин диний кызматтар боюнча кеңешчиси Галип Акын да социалдык медиа аркылуу Түркия жана Казакстандагы мусулмандарды куттуктап : «Бул майрамдын биримдик, бир туугандык, урмат  - сый, социалдык жардамдашууга салымын кошуу тилектеримди билдирем. Өлкөбүз жана ислам ааламынан террор жана хаостун жок болушун Улуу Алла Тааладан суранам»,- деди.

Казакстанда майрамдык эс алуу бир күн.



Тектеш кабарлар