Казакстанда көзгө атарлар мелдеши башталды

Беш күнгө созула турган мелдештерде көзгө атарлар ар түрдүү аралыкта жана ылдамдыкта буталарды атышат.

Казакстанда көзгө атарлар мелдеши башталды

Казакстанда «Алтын үкү-2018» аттуу көзгө атарлардын эл аралык мелдеши башталды.

Казакстандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Караганда шаарындагы Spassk билим берүү борборунда уюштурулган мелдештердин ачылыш аземине Казакстандын коргоо министри Нурлан Эрмекбаев менен катар көп сандаган киши катышты.

Аземде Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын бөлүктөрү тактикалык кыймылдарды көрсөтүштү.

Беларусь, Бельгия, Англия, Индия, Италия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирликтери, Пакистан, Орусия жана Өзбекстан болуп жалпы 12 өлкөдөн көзгө атарлар катышкан мелдештерге Түркия менен Түштүк Кореядан өкүлдөр байкоочу катары катышууда.

Беш күнгө созула турган мелдештерде көзгө атарлар ар түрдүү аралыкта жана ылдамдыкта буталарды атуу, камуфляж жөндөмдүүлүктөрү жана берки тармактарда жарышышат.

Бул мелдештер Казакстанда 2008-жылдан бери уюштурулуп келет.



Тектеш кабарлар