Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2018

Көчмөндөр оюндарына карата кыргыз спортчулары даярдыктан өтүүдө.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2018

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына кыргыз спортчулары Ысык-Көлдө даярдыктан өтүүдө. Аталган ири спорттук жана маданий иш-чарада өлкөнүн намысын 458 спортчу коргойт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Ал эми оюндарга учурда жалпы 53 өлкөнүн спортчулары катыша тургандыктарын маалымдап, тастыкташкан. Жалпы мелдешке көчмөн элдерден 2 миңге жакын спортчу келет. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери. 

Эл аралык деңгээлдеги иш-чарада балбандар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Анда жалпы 26 миллион сомдон ашык байге менен 594 медаль ойнотулат.

КТРК



Тектеш кабарлар