Түркиялык адистер Өзбекстандын гвардиячыларына практикалык сабак берүүдө

Түркиядан 6 адис катышкан практикалык билим берүү 17-августка чейин уланат.

Түркиялык адистер Өзбекстандын гвардиячыларына практикалык сабак берүүдө

Түркиядан Жандармерия башкы командирлигинде кызмат өтөгөн адистер, Өзбекстандын Улуттук гвардия бөлүгүнө террор менен күрөшүү боюнча практикалык билим бере баштады.

Жандармерия башкы командирлиги менен Өзбекстандын Улуттук гвардия бөлүгү тарабынан Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) колдоосу менен Жиззакка жакын жердеги Фарыш аскердик полигонунда башталган практикалык билим берүү үчүн ачылыш аземи уюштурулду.

Ачылышта сөз сүйлөгөн Өзбекстандын Улуттук гвардия бөлүгүнүн жоопту кызматкери Шухрат Ганиев, акыркы мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык карым-катнаштардын барган сайын өнүгүп бара жатканын белгилеп, ушул алкакта Түркия жана Өзбекстандын ортосундагы аскердик кызматташуунун да өнүккөнүн белгилеп өттү.

Түркиянын Ташкенттеги Элчилигинин аскердик атташеси, полковник Мустафа Балоглу болсо Жандармериянын башкы командирлиги менен Өзбекстандын Улуттук гвардия бөлүгүнүн жогорку деңгээлдеги делегацияларынын эки жактуу сапарларынын алкагында тараптардын ортосундагы кызматташуусунун барган сайын өнүккөнүн белгилеп, бул кызматташтыкты дагы да өнүктүрүүнү каалагандарын билдирди.

ТИКАнын Ташкенттеги программасынын координатору Али Ихсан Чаглар да бул иш-чаранын ишке ашырылышына салым кошууларына ыраазы болгондорун айтты. Чаглар, бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар түрдүү аймактарында кагылышуулар барган сайын арткан мезгилде ушундай ишке ашуучу билим берүүнүн уюштурулушунун маанисин баса белгиледи.

Майор Угур Арслан болсо 2 жума бою ата журту Өзбекстанда кесиптештери менен террор жана жарылуучу заттар менен күрөшүүдө практикалык билим берүүнүн алкагында маалымат берүү жана тажрыйбаларын бөлүшө тургандарын белгиледи.

Түркиядан 6 адис катышкан практикалык билим берүү 17-августка чейин уланат.



Тектеш кабарлар