Казакстанда "Осмондук документтери" аттуу көргөзмө ачылды

Казкстандын борбор шаары Астанада «Документтер менен Осмон мамлекети жана Орто Азия хандыктарынын карым  - катнаштары» аттуу көргөзмө ачылды.

Казакстанда "Осмондук документтери" аттуу көргөзмө ачылды

 

Мамлекеттик архивдер боюнча директорлугу, Казакстан улуттук музейи, Түркиянын Астанадагы элчилиги жана Юнус Эмре институту тарабынан Астананын борбор шаар жарыяланышынын 20  жылдыгына уюштурулган көргөзмөнүн ачылышына Түркиянын Астана элчиси Невзат Уянык, мамлекеттик архивдер боюнча башкы директор профессор Угур Үнал жана көп сандаган конок катышты.

Көргөзмөдө Осмон мамлекети жана республика архивдеринен Орто Азия элдери менен болгон карым  - катнаштар, саясий  кат жазышуулар, элчиликтердин белек тапшыруулары араларында болгон 40ка жакын документтин үлгүсү элге сунушталды.

Элчи Уянык сөзүндө Түркиянын орток тил, дин, тарых жана маданиятка ээ өлкөлөр менен болгон байланышынын барган сайын күчтөнүшүнөн кубанычтуу экендерин белгиледи.

Үнал да Стамбулдагы Осмон мамлекетинин архивинде 95 миллионго жакын документ жана 400 миң дептердин, Анкарадагы архивде да 35 миллион документ менен 95 миң дептердин бар экендигин белгилеп : «Архивдерибизде  орун алган документтер бир гана Түркиянын өткөн күнүнө таандык документтер болбостон, Осмон мамлекетинин башкаруусунан бөлүнгөн бүгүнкү кырктан ашуун көз карандысыз мамлекеттин да архив документин тастыктайт»,- деди.

Астана Юнус Эмре түрк маданият борборунун директорунун аткаруучу өкүлү Алмагүл Исина да көргөзмөнүн эки тараптуу маданий карым  - катнаштардын өнүгүшүнө маанилүү салым кошкондугун айтты.



Тектеш кабарлар