Азербайжанда жаңы премьер - министр шайланды
Азербайжандын жаңы премьер - министри тышкы иштер боюнча жооптуу вице - президент, профессор доктор Новруз Меммедов болду.
Парламенттин спикери Октай Асадов президент Илхам Алиевдин премьер - министрликке тышкы карым - катнаштардан жооптуу вице - президент Новруз Меммедовду сунуш кылгандыгын жарыялады. Меммедов 113 добуш менен Азербайжандын жаңы премьер - министри болуп шайланды.
Премьер - министр Меммедов добуш берүүдөн кийин сүйлөгөн сөзүндө Алиев менен иштөөнүн сыймыктандыруучу экендигин айтып өзүнө берилген ишеним үчүн рахмат айтты. Бир тараптан президент Алиев 22 жыл премьер - министрлик кызматты аткарган Артур Расизадени кабыл алып ушул күнгө чейин кылган кызматы үчүн рахмат айтты.
Азербайжан конститутуциясы боюнча президенттик шайлоодон кийин өкмөт арызын берет. Эскерте кетсек Илхам Алиев 11 - апрелде болгон шайлоодо 86, 02 пайыздык добуш алып кайрадан президент болуп шайланган.