Орто Азиянын мамлекет башчылары Казакстанда жыйналыш өткөрөт

Орто Азиянын президенттеринин кеңешүү жыйналышы бейшемби күнү Астанада болот.

Орто Азиянын мамлекет башчылары Казакстанда жыйналыш өткөрөт

Орто Азиянын президенттеринин кеңешүү жыйналышы бейшемби күнү Казакстандын борбор калаасы Астанада болот.

Казакстан Республикасынын Президенттигинин басма сөз катчысы Айдос Укибайдын билдирүүсүндө президент Нурсултан Назарбаевдин кожоюндугунда өтө турган жыйналышка Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттеринин катыша турганы белгиленди.

Укибай; «Бештик жыйналыштын Орто Азия өлкөлөрүнүн орток майрамы Нооруздун арапасында өткөрүлүшү чоң мааниге ээ»,-деп айтты.

Жыйналыштын күн тартиби тууралуу маалымат бербеген Укибай, Түркмөнстандын президенти Курбанкулу Бердимухамедовдун мурдатан пландалган жогорку деңгээлдеги иш-чараларынын себебинен жыйналышта ал өлкөнү парламент төрайымы Акча Нурбердиева өкүлдүк кыла турганын билдирди.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун шаршемби күнү Казакстанга расмий сапар жасай туганын белгилеген Укибай, сапардын алкагында эки тараптуу, аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар карала турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар