Кыргыздын бешбармагы Гиннестин Рекорддор китебине кирет

Бишкек шаарында 1000 килограмм бешбармак бышыруу үчүн 8 жылкы союлду.

Кыргыздын бешбармагы Гиннестин Рекорддор китебине кирет

Бишкек шаарында 1000 килограмм бешбармак бышыруу үчүн 8 жылкы союлду. Улуттук бешбармак Гиннестин Рекорддор китебине киргизүү үчүн жасалып жатканын бүгүн, 10-мартта «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмесинен билдиришти.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, даярдыктар 9-мартта башталган. «Жалпы 8 жылкы союлду. Бүгүн 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулду. Учурда 1480 кг эт бышырылып жатат. Ал эми, 110 метрлик чучук эртең даяр болот», - деди ал.

Ж.Ырсалиев Бишкек шаарынын мэриясы иш-чара өтө турган жерге — Ч.Валиханов көчөсүнүн тилкесине тосмо орнотконун кошумчалады.

Уюштуруучулар 8-мартта Гиннестин Рекорддор китебинен 1-турдан ийгиликтүү өтүшкөнү тууралуу кат алышкан.

КТРК



Тектеш кабарлар