Казакстандын чакырыгы

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

Казакстандын чакырыгы

Казакстан, Сирия кризисинин чечилүүсүнө байланыштуу Астанада макулдашылган келишимдердин кагаз бетинде калбашы жана сөзсүз аткарылышы керектигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Казакстан делегациясынын Орусиянын сунушу боюнча өткөрүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышканы белгиленди.

Казакстан делегациясынын жыйында, Сириядагы гуманитардык жардам темасына байланыштуу сөз сүйлөгөнү баса белгиленген билдирүүдө: «Астанада макулдашылган келишимдердин эч бири кагаз бетинде калбашы керек жана сөзсүз ишке ашырылышы зарыл»,-деген сөздөргө орун берилди.

Казакстан делегациясынын, Чыгыш Гутадагы кагылышуулардын токтотулушу жана чыңалууну азайтуу аймактарындагы ок атышпоо режиминин күчтөндүрүлүшүнө колдоо көрсөтүүгө чакырганы баяндалган билдирүүдө, Сириядагы аскердик операциялардын аякташына байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомунун кабыл алынышы жана бирдей пикирге келүүнүн мааниси баса белгиленди.



Тектеш кабарлар