Казакстанда «Союз-2.1а» ракетасы космоско учурулду

«Союз-2.1а» эки күндөн кийин Эл аралык космостук станцияга жетет.

Казакстанда «Союз-2.1а» ракетасы космоско учурулду

Казакстан, Эл аралык космостук станцияга азык-түлүк, күйүүчү май жана суудан турган жүктөрдү алып бара турчу «Союз-2.1а» ракетасын «Байкоңур» космодромунан учурду.

«Progess MC-08» аттуу жүк ташуучу капсуланы ташыган «Союз-2.1а» ракетасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.13тө космоско сапар тартты.

Эл аралык космостук станцияга кургак жүк, күйүүчү май, суу жана аба баллондорун ташыган капсуланын 2 күндөн кийин станцияга жетээри күтүлүүдө.

«Союз-2.1а» ракетасынын космоско сапары, жекшемби күнү учурулушуна аз убакыт калганда белгисиз себептен улам жылдырылган болчу.

Орусия, АКШ, Япония, Европа жана Канаданын космостук мекемелери тарабынан модуллардын бириктирилиши аркылуу түзүлгөн Эл аралык космостук станцияда илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар