Казакстан нефть өндүрүүдө рекордго жетти
Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейманов өткөн жылы өлкөсүндө 86, 2 миллион тонна нефть өндүрүлгөндүгүн билдирди.
886948
Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейманов өткөн жылы өлкөсүндө 86, 2 миллион тонна нефть өндүрүлгөндүгүн билдирди. Сулейманов премьер - министрликте өткөргөн пресс – жыйынында өткөн жылы өндүрүлгөн нефтинин 86, 2 миллион тоннага жеткендигин белгиледи. Тимур Сулейманов бул жылы да нефть өндүрүшүндө ошол эле көлөмдүн күтүлүп жаткандыгын белгиледи. Сулейманов : «Макро - экономикалык болжолдорду тактагандан киийн бул жылдын так сандарын билдиребиз»,- деди.