2018-жылы Орто Азиянын саясий жана экономикалык абалы кандай болот?

Бул тууралуу Казакстандын эл аралык мамилелер консейинин төрагасы Эрлан Карин баяндоо жасады.

884379
2018-жылы Орто Азиянын саясий жана экономикалык абалы кандай болот?

Казакстандын эл аралык мамилелер консейинин төрагасы жана Казакстандын мамлекеттик радио-телеберүү компаниясынын башкы директору Эрлан Карин, борбор калаа Астанада орун алган Казмедиа имаратында 2018-жылы Орто Азияда боло турган саясий жана экономикалык абалдар тууралуу баа берүү жыйналышын өткөрдү.

2018-жыл бою Орто Азия өлкөлөрүндө экономикалык өсүүнүн улана турганын белгилеген Карин: «Орто эсеп менен экономикалык өсүү көрсөткүчү Казакстанда 2-3 пайыз, Кыргызстанда 3-3,5 пайыз, Тажикстанда 5-6 пайыз, Өзбекстан жана Түркмөнстанда 6 пайызга жетет»,-деп айтты.

Энергия ташуучулук, кен жана айыл-чарба өндүрүмүнүн артышы менен катар мунай зат бааларынын өсүшүнүн экономикалык өсүүгө оң чагылыша турганына көңүл бурган Карин, интеграция процессинин да аймактын экономикасынын оңолушу үчүн кошумча пайдаларды камсыздай турганын айтып чыкты.

2018-жылы Орто Азия өлкөлөрүнүн жаңы кызматташтык жолдорун изилдей туганын күткөндөрүн да айткан Карин, Казакстан-Өзбекстан, Кыргызстан-Өзбекстан, Казакстан-Кырыгызстан, Казакстан-Өзбекстан-Түркмөнстандын арасында эки тараптуу жана үч тараптуу биргелешип иштөөлөр ылдамдай турганын белгиледи.

Быйыл Түнкмөнстанда боло турган Парламенттик шайлоолордун аймакта чоң таасир жаратышы күтүлбөгөнүн, Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саяий тең-салмактуулукту өзгөртүш үчүн өлкөнү мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого алып бара турганын божомолдоду.

Жакынкы Чыгыштагы баш аламандык, Ооганстандагы ыраатсыздык жана аймактагы радикалдык кыймылдардын Орто Азия өлкөлөрү үчүн жаңы коркунучтарды туудура турганына көңүл бурган Карин, Жакынкы Чыгыштагы Орто Азия тектүү террористтердин өлкөлөрүнө кайтуу процессинин аймактын радикалдашуу рискин арттыра турганын айтты.

Изилдөө, мекемелеринин көрсөткүчтөрүнө караганда, Сирия жана Иракта Орто Азия тектүү террористтердин саны 5 миңдей киши экенин, булардын 500 чактысы аймакка кайра кайтканын да белгилеген Карин, Сирия жана Ирактагы абалдын алмашуусуна параллель түрдө, артка кайтуулардын артышынын да күтүлгөнүн айтты. Карин, айрыкча аймактагы «уктап жаткан уялар» коркунучунун уланганын белгилеп кетти.

Карин, быйыл Кытай өткөрө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин 2018-жылдын маанилүү иш-чараларынан бири боло турганын баса белгилеп, саммитке алгач ирет жаңы мүчөлөрү Индия жана Пакистандын да кошула турганын маалымдады.

2018-жылы Орто Азиядагы суу булактарын башкаруу темасынын жаңы ылдамдыкка ээ боло турганын баяндаган Карин, Каспий деңизинин укуктук статусу тууралуу документке кол коюлушунун да үстүбүздөгү жылдын маанилүү иш-чараларынан бири боло турганын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар