Дүйнөлүк аял укуктары күнү түрк айымы үчүн өзгөчө мааниге ээ

1934-жылы 5-декабрда аялдардын мыйзамдуу түрдө эл өкүлү болуп шайлануу жана шайлоо укугуна ээ болгон өлкө саны 28, бул укук колдонулган өлкө саны болсо болгону 17 болчу.

Дүйнөлүк аял укуктары күнү түрк айымы үчүн өзгөчө мааниге ээ

5-декабрь Дүйнөлүк аял укуктары күнү түрк айымы үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Анткени бул күн, ошол эле убакта түрк аялына шайлоо жана шайлануу укугунун таанлышынын 83 жылдыгы.

Республиканын куруучусу, ардагер Мустафа Кемал Ататүрк, аялдарыбыздын бардык тармакта өнүккөн деңгээлде болушун каалап, башка көпчүлүк өлкөлөрдөн мурда 1934-жылы 5-декабрда түрк аялына «Шайлоо жана шайлануу укугун» берген.

1934-жылы 5-декабрда аялдардын мыйзамдуу түрдө эл өкүлү болуп шайлануу жана шайлоо укугуна ээ болгон өлкө саны 28, бул укук колдонулган өлкө саны болсо болгону 17 болчу.

Бул күндө Түркия Республикасында аялдарга шайлоо жана шайлануу укугу таанылса, ал мезгилде Европадагы айрым өнүккөн өлкөлөрдө дагы аялдардын мындай укугу болгон эмес.

Аялдар шайлоо жана шайлануу укугуна Францияда 1944-жылы, Италияда 1945-жылы, Грецияда 1952-жылы, Бельгияда 1960-жылы жана Швейцарияда 1971-жылы жетишкен.

Түркияда болсо аялдар 1930-жылы 20-мартта мэриянын шайлоолорунда шайлоо укугуна ээ болушту.

1933-жылы болсо айыл өкмөт башчысын шайлоо жана айылдык кеңешке шайлануу укугун алышты.

Эл өкүлү шайлоолорунда шайлоо жана шайлануу укугу болсо 1934-жылы 5-декбарда конституцияга өзгөртүү киргизүү менен таанылды.

1935-жылы 8-февралда алгач ирет парламенттик шайлоолорго катышкан түрк аялдары, Түркия Улуу Улуттук Межлисинде 18 орундукка ээ болушту.



Тектеш кабарлар