Сооронбай Жээнбеков кызматын баштады

Кыргызстанда Сооронбай Жээнбеков, ант берип кызматын баштады.

854215
Сооронбай Жээнбеков кызматын баштады

 

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоону жеңип алган Социалдык демократ партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков, ант берип кызматын баштады.

Чет элдик коноктор чакырылбаган жана бир гана Президенттик басма сөз борбору байкаган инаугурация Ала-Арча мамлекеттик резиденциясынын "Эне-Сай" кабыл алуу үйүндө өттү. Инаугурацияга 450 адам чакырылган. Алгач Сооронбай Жээнбеков ант берди. БШК төрайымы президенттик күбөлүктү, төш белги жана мамлекеттик штандартты тапшырды. Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө үч ирет артиллериялык залп атылды. 

Андан кийин Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасады.

Жээнбеков көп улуттуу калктын биримдик жана ынтымагына басым жасаган сөзүндө, өлкөдө жана өзгөчө бюрократияда аймактык жана этникалык бөлүүчүлүккө уруксат бербей турганын баса белгиледи.

Эгемендүү Кыргызстандын демократиялык жол менен баратканын бүткүл дүйнөгө далилдегенин белгилеген Жээнбеков: «Көз карандысыздык тарыхыбызда алгач ирет тынчтыкчыл жол менен бийлик орун алмаштырууда»,-деп айтты.

Элге жана партиялаштарына ыраазычылыгын билдирген Жээнбеков, тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктардын корголушу улантыла турганын белгилеп: «Орусия Федерациясы менен стратегиялык карым-катнаштарыбызды күчтөндүрөбүз. Коңшу Кытай менен карым-катнаштарыбызды тереңдетебиз. Орто Азиядагы коңшу өлкөлөр менен тарыхый байланыштарыбыздын негизинде карым-катнаштарыбызды өнүктүрөбүз. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр менен жакын кызматташтык түзүүнү улантабыз. Түркия жана АКШ менен кызматташтыгыбызды өнүктүрөбүз»,-деп айтты.

Президент Жээнбеков, 6 жылдык кызматы убагында элдин өнүгүүсүнө, өлкөнүн өнүгүүсүнө кызмат кыла турганын айтты.

Президенттик кызматын өткөргөн Атамбаев да Жээнбековго ийгилик каалады.

Атамбаев кызматы убагында көп нерсени бүтүрө албай калганын белгилеп Кыргызстан калкынан өзүн кечирип коюсун суранды.

Сооронбай Жээнбеков, 15-июлда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда добуштардын 54,22 пайызын алып шайланган.



Тектеш кабарлар