Мирзиёевдин Түркияга сапары жана Түркия-Өзбекстан карым-катнаштары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-44

Мирзиёевдин Түркияга сапары жана Түркия-Өзбекстан карым-катнаштары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-44

Мирзиёевдин Түркияга сапары жана Түркия-Өзбекстан карым-катнаштары

Өзбекстандын президенти Мирзиёев Түркияга сапар жасады. Биз да бул жумадагы программабызда Мирзиёевдин Түркияга сапары жана Түркия-Өзбекстан карым-катнаштарын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 25-27-октябрда Түркияга келди жана жогорку деңгээлдеги жолугууларды өткөрдү. Мирзиёевдин 18 жылдык арадан кийин Түркияга сапар жасаган биринчи Өзбекстан президенти болушу эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын алдыбыздагы мезгилде дагы да бекемделе турганын көрсөтүүдө. Акыркы бир жылдан бери активдүү тышкы саясат жүргүзгөн Мирзиёевдин Түркия-Өзбекстан карым-катнаштарына чоң маани бергенин айта алабыз. Анткени Түркия менен Өзбекстандын ортосунда көптөгөн тармакта иш жүргүзүлө турганын жооптуу кызматкерлер менен адистер билдиришти.

Түркия 1991-жылы Өзбекстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган өлкө болуп саналат. Ушундан улам эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар ылдам өнүктү. 2005-жылы Өзбекстандагы Андижан окуялары каралган БУУнун Башкы Ассамблеясындагы отурумда Түркия Өзбекстанга каршы добуш берди.  Ушул себептен 1991-жылы жакшы баштаган карым-катнаштар 2005-жылдан кийин солгундап уланды. Бул сапар, өз ара мамилелердин кайрадан күчтөнүүсүн камсыздашы мүмкүн. Бир канча ай мурда Самаркандда өткөрүлгөн жолугушууда Эрдогандын: «Карым-катнаштарда «жаңы барак», ал эми Мирзиеевдин: «эми чыныгы кызматташуунун убагы келди» деген сөздөрү Мирзиёевдин Анкарага сапары менен дагы да маанилүү болду. Эки өлкөнүн тең лидерлери келээрки жылдын башында Өзбекстан-Түркия инвестиция форуму жана Кошмо экономикалык комиссиянын жыйынын өткөрүү темасында бирдей пикирде экендиктерин билдиришти.

Өзбекстан тарыхый байланыштардан улам Түркияга жакын өлкө болуп саналат. Бул сапар аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы солгундаган мезгилдин аяктаганын айта алабыз. Түркия-Өзбекстан карым-катнаштарында эң биринчи текстиль, медицина, туризм жана тери иштетүү менен катар экономика, терроризмге каршы күрөшүү басымдуулук кылган коопсуздук жагынан эки тараптуу алакалар ылдам өнүктүрүлөт. Албетте бул алакаларга бейөкмөт уюмдары, медиа жана академиялык мекемелер да колдоо көрсөтүшү керек. Казакстандагы Түрк-Казак Ахмет Йесеви университети сыяктуу биргелешкен Түрк-Өзбек университети курулса өтө пайдалуу болот. Бир кампусу Стамбулда экинчиси Самаркандда орун ала турган Түрк-Өзбек «Улуг Бей» университети Түркия менен Өзбекстандын ээ болгон тарыхый маалымат жыйнагын Түрк тилдүү аймакта пайдаланууда чоң роль ойношу мүмкүн. Эки өлкөнүн орток баалуулуктары болгон Ханафи-Матуриди / Суфий Ислам кыскача Түрк-Ислам салты Салафисттик экстремизмге каршы Евразия үчүн рационалдуу альтернатива боло алат. Ошондуктан эки өлкөгө чоң жоопкерчиликтер түшүүдө.

Каримов режиминин эки негизги өзгөчөлүгү бар эле. Биринчиси бийликти катуу колго алган башкаруу болушу, экинчиси Советтик саясий системаны улантышы. Каримов Евразияда чоң күчтөрдүн күрөшүүсүнө каршы өлкөсүн коргош үчүн жарым-жартылай изоляция саясатын жүргүзгөн болчу. Ал эми жаңы лидерлик болсо геополитикалык кыр көрсөтүүлөргө про-активдүү саясат менен жооп берүүнү тандай тургандай көрүнүүдө.

Өзбекстан геостратегиялык абалы жана потенциалы менен Евразиянын чечүүчү өлкөлөрүнүн бири болуп саналат. Өзбекстан менен байланыш курбастан Түркстанда орун алуу кыйын. Алдыбыздагы процессте Өзбекстан бул өзгөчөлүктөрүнөн улам дүйнөлүк жана аймактык актерлор кызматташуу үчүн тез-тез каалгасын черте турган өлкө болот.

Мирзиеев президенттик кызматынын алгачкы мезгилинде, түптүү саясий өзгөрүүлөргө кайрылуудан мурда элдин коомдук маселелерин чечүүгө жана коңшу өлкөлөр менен экономикалык карым-катнаштарын күчтөндүрүүгө алдыңкы орунду бериши мүмкүн. Мирзеев тышкы саясатта коңшу Түрк Республикаларына көбүрөөк багытталып, жумшак мамиле көрсөтөт. Мирзиеевдин президенттик сыпаты менен чет өлкөгө алгачкы сапарында Орусияны тандашы, Өзбекстан менен Орусиянын мамилелерин өзгөчө экономикалык тармакта күчтөндүрүү максатынын биринчи кадамы десек жаңылышпайбыз.

Мирзиеев мезгили Өзбекстан үчүн жаңы башталгыч болот. Каримов тилекке каршы Түрк кеңеши менен катар аймактык кызматташуу иштерине каршы саясат жүргүзгөн. Бул саясаттын өзгөрүшү аймактагы актерлордун жана Өзбекстандын жолун ачат. Өзбекстанда накталай акча жана энергетика жагынан маселелердин бар экенин билебиз. Бул маселелердин чечилүүсүндө тышкы инвестициялар жана аймактык кызматташуулар (Түрк кеңеши ж.б) чечүүчү жол болушу мүмкүн.

Мирзиеев 13 жыл бою Каримовдун премьер-министрлик кызматын жүргүздү. Ошондуктан Мирзиеев бир эле учурда Каримовдун системасы жетилткен адам болуп саналат. Өзгөрүү оңой болбойт. Бирок Мирзиеев өлкөсүн жана аймакты жакшы билет. Бул темада тажрыйбалуу. Алдыбыздагы процессте Өзбекстандын Түрк кеңеши менен карым-катнаштарын өнүктүрүшү аймак үчүн да түрк тилдүү дүйнө жагынан да өтө маанилүү. Анткени Өзбекстан түрк тилдүү өлкөлөр аймагынын чечүүчү өлкөсү болуп эсептелет.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар