Азербайжан-Европа Биримдиги карым-катнаштары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-42

Азербайжан-Европа Биримдиги карым-катнаштары

Азербайжан-Европа Биримдиги карым-катнаштары

Дүйнөлүк саясаттын жана Евразия аймагынын маанилүү актерлорунун бири да Европа Биримдиги болуп саналат. Көп жактуу кызматташууларга чоң маани берген Азербайжандын тышкы саясатында Европа Биримдигинин өзгөчө орду бар. Биз да бул жумадагы программабызда Азербайжан-Европа Биримдиги карым-катнаштарын жана бул алакалардын Түркия үчүн маанисин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Европа Биримдиги, көп багыттуу кызматташууга жана өнөктөштүккө чоң маани берген Азербайжандын тышкы саясатында өзгөчө орунга эгедер. 2004-жылы Европа Кеңеши, Европа Биримдиги менен Европанын чыгыш жана түштүгүндөгү 16 коңшу өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана коопсуздук карым-катнаштарды калыбына келтирген Европа Коңшулук саясатына Азербайжанды кошууну чечти. 2009-жылы Азербайжан, Грузия, Армения, Украина, Беларусь жана Молдова менен эки тараптуу кызматташууну күчтөндүрүү жана Европанын Коңшулук саясатынын алкагында көп жактуу кызматташууну улантуу үчүн Европа Биримдиги Чыгыш Өнөктөштүк долбоорун баштатты.

Учурда Европа Биримдиги, Азербайжандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2016-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда Европа Биримдигинин Азербайжандын жалпы соодасындагы үлүшү 34.93 пайыз (6,17 миллиарлд доллар) болду. Негизинен Европа Биримдиги Азербайжандын жалпы экспортунда жогорку үлүшкө ээ, бирок салыштырмалуу төмөн импорт деңгээлине ээ болушу Азербайжандын Европа Биримдиги менен соода сатыгы кирешелүү болгону түшүнүгүн берет. 2016-жылы өлкөнүн жалпы соода профицити 2,11 миллиард долларга жетти. Бул сандын 1,73 миллиард доллары Европа Биримдиги менен болгон соодадан түштү. Ошондуктан өлкөнүн соода профицитинин 81,99 пайызы, Азербайжанда өндүрүлгөн мунай зат жана газдын орто эсеп менен 30 пайызын сатып алган Европа Биримдиги менен болгон сооданын натыйжасында келип чыгууда.

Европа Биримдиги Азербайжандын маанилүү соода өнөктөшү болгону үчүн Баку, экономикалык карым-катнаштардын дагы да өнүктүрүлүүсүнө чоң маани берет. Муну менен бирге мунай зат жана газ Азербайжандын эң көп экспорттогон товарлары болгондуктан, өлкөнүн Европа Биримдиги менен болгон соода-сатыгы көбүнчө дүйнөлүк мунай зат бааларына байланыштуу болот. Мисал үчүн, 2014-жылдын ортолорунан тарта дүйнөлүк мунай зат бааларынын чукул төмөндөп кетишинен эки тараптын ортосундагы соода көлөмү 2014-жылы 13,89 миллиард доллар болсо 2016-жылы 6,17 миллиард долларга азайды. Ошондуктан мунай зат баалары төмөн деңгээлде улана берсе жакынкы келечекте Азербайжан менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода-сатык анча көбөйбөйт.

Бир тараптан түзүлгөндөн бери он жылдан ашуун мөөнөт өткөн Европанын Коңшулук саясатынын алкагында Европа Биримдигинин берки коңшу өлкөлөр менен болгон маселелери сыяктуу Азербайжан менен да ортосунда көйгөйлөр бар. Европа Биримдиги мүчөлүк перспективасын сунуштай албаган учурларда өлкөлөрдөгү демократиялык рефомаларды камсыздоо максаттары да каалангандай натыйжа бербейт. Бул шарттардын астында Европа Биримдигинин жок дегенде энергетикалык камсыздоо коопсуздугу сыяктуу маанилүү кызыкчылыктарына кызыккан өлкөлөр менен карым-катнаштарында таасирдүү болушунун жалгыз жолу кагылышуулардын чечилүүсү темасында дагы активдүү роль ойношу. Ансыз деле Азербайжандын да Европа Биримдигинен күтүүсү коңшулук саясатынын алкагында өз ара мамилелерди өнүктүрүү менен катар Европа Биримдигинин Тоолуу Карабах маселесинде тарапсыз түрдө дагы таасирдүү арачылык ролун милдеттенүүсү. Учурда Азербайжандын жерлеринин 20 пайызы Армениянын көзөмөлүндө турат. Бул чындык Европа Биримдиги менен ар түрдүү экономикалык кызматташуунун жана инвестициянын алдында тоскоолдук жаратууда.

Европа Биримдигинин Грузия маселесинде болгону сыяктуу Азербайжандын да жеринин бүтүндүгүн колдоосу күтүлүүдө, бирок бул колдоо өтө чектелген бойдон калууда. Европа Биримдиги Азербайжан менен болгон карым-катнаштарында дайыма сөз кылганы сыяктуу ишенимдүү жана жакын өнөктөш  бирок Тоолуу Карабах маселеси темасында Азербайжандын жеринин бүтүндүгүн колдогон чечимдерди чыгарып, так кадамдарды таштап көрсөтө алат. Бул үчүн биринчи кадамды негизги чечүүчү механизм катары түзүлгөн Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск процессинде активдүү роль ойноп таштай алат. 2012-жылдын март айында Европа Парламентинин Тышкы байланыштар комитети, ЕККУнун Тоолуу Карабах масесинин чечилүүсү боюнча жооптуу Минск тобунда Франциянын ордунун Европа Биримдиги менен алмаштырылышы темасында сунушун айткан эле. Муну менен бирге Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр өз улуттук саясаттарын Европа Биримдигинин кызыкчылыктарынан жогору койгондуктан Толуу Карабах маселесинин чечилүүсү темасында кыймылсыз абалда. Ошондуктан Европа Биримдигинин тышкы саясатта таасирдүү болуусунун жолу, өз ички маселесин чече алуусунан өтөт. Европа Биримдиги эки тараптуу жана аймактык платформада канчалык кеңири саясаттарды жүргүзсө да, аймактык кагылышуулардын чечилүүсүндө ийгиликтүү болмоюнча жакын чөйрөсүндө стратегиялык актер катары таасирдүү болушу мүмкүн эмес.

Жыйынтыктай кетсек Азербайжан-Европа Биримдиги карым-катнаштары Түркия үчүн да абдан маанилүү. Түркия менен Азербайжан бири-бирлерин «бир улут эки мамлекет» деп сыпаттайт. Ушундан улам Азербайжандын Европа Биримдиги менен карым-катнаштары түздөн-түз Түркия-Европа Биримдиги алакаларына да таасир берет.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 

                                                            

                                                            



Тектеш кабарлар