Казакстандан Аракан тууралуу маалымат

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов : «Мьянмадагы аракандык мусулман коомдун абалынан олуттуу түрдө тынчсыздануудабыз»,- деди.

801620
Казакстандан Аракан тууралуу маалымат

Министр Кайрат Абдрахманов парламент имаратында журналисттерге берген маалыматында : « БУУда 30 -  августта өткөрүлгөн жыйынга катыштык жана Мьянма өкмөтүн өлкөдөгү абалдын чечилиши үчүн аракет кылган БУУ, Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдар жана башка ортоктор менен активдүү кызматташтыкка чакырдык»,- деди.

«Мьянмадагы аракандык мусулман коомунун абалынан олуттуу түрдө тынчсыздануудабыз»,- деген Абдрахманов Мьянмада исламофоби кыймылын байкашкандарын жана Ислам Кызматташтык Уюмунун бул маселенин чечилишинде активдүү орун алуу менен өлкөдөгү Мьянма өкмөтү менен диалог ичинде болушун каалашкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар