Премьер - министр Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетти
Кыргызстанда 16 айдан бери премьер - министрлик кызматын аткарып келген Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткендигин билдирди.
Кыргызстанда 16 айдан бери премьер - министрлик кызматын аткарып келген Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткендигин билдирди. Премьер - министр Жээнбеков кабинет жыйынында берген маалыматында шайлоо мыйзамы боюнча премьер - министрлик кызматынан кеткендигин жана арызын президенттин бекитүүсүнө бергендигин билдирди.
Жээнбеков Борбордук Шайлоо Комиссиясы тарабынан президентикке берген талапкерлик кайрылуусунун кабыл алынгандыгын белгилеп : «Мен үчүн шайлоонун адилеттүү, таза жана так өтүшү маанилүү. Саясатчылар «мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатат» деп арызданышыптыр. Ошондуктан премьер - министрдик кызматынан кетип жатам»,- деди. Ошол эле учурда президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматта Жээнбековдун арызынын президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кабыл алынгандыгы билдирилди.
Кыргызстанда 15 - октябрда өткөрүлө турган президенттик шайлоо үчүн 59 киши талапкерликке кайрылган. Борбордук Шайлоо Комиссиясы ушул кезге чейин Ак шумкар партиясынын куруучу лидери жана мурунку премьер - министр Темир Сариев Республикалык партиясынын куруучу лидери жана мурунку премьер - министр Өмүрбек Бабанов жана Социалдык демократ партиясынын талапкери Жээнбековдун талапкерликтерин кабыл алды.