Манастын айкелинин ачылышы менен коштолгон эки күн

КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен Түркияда болду. (Видео)

Манастын айкелинин ачылышы менен коштолгон эки күн
Кыргызстандын премьер-министри Манастын айкелинин ачылыш аземине катышты
Кыргызстандын премьер-министри Манастын айкелинин ачылыш аземине катышты

Кыргызстандын премьер-министри С.Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Манастын айкелинин ачылыш аземине катышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен Түркияда болду.

Жумушчу сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен Чанкая резиденциясында жолукту.  Жабык эшик артында өткөн сүйлөшүү 1 саатка созулду.

Эки лидер Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык байланыштардын өнүктүрүлүшү жана соода көлөмүнүн көбөйтүлүшүнө карата кадамдар жөнүндө пикир алмашышты. Премьер-министр Йылдырым: «Эки өлкөнүн ортосуна башкалардын кирип алып мамилебизди бузуусуна жол бербөөбүз керек»,-деди.

Андан соң делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлдү.

Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар жана аймактык маселелер кеңири каралды.

Ошондой эле Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Стамбул шаарындагы "Манас" эпосунун каарманы Айкөл Манастын  айкелинин ачылыш аземине, "Манас" тууралуу китептин бет ачарына катышты. "Манас" эпосу тууралуу кыска метраждуу фильм менен сахналаштырылган оюнду көрдү. 

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Түркия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Стамбулдагы Сүтлүже паркына тургузулган Манастын айкели Кыргыз Республикасынын премьер -министри Сооранбай Жээнбеков менен Түркиянын маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш катышкан азем менен ачылды.

Нуман Куртулмуш ал жердеги сөзүндө бири биринен миңдеген километр алыста болгон бир эл, эки мамлекеттин кишилеринин айкелдин ачылуу аземинде бири-бири менен жолугушуусунан улам ыраазы болгондугун айтып : «Арабызга кирген көрүнбөс дубалдарды кулатып, дагы олуттуу түрдө бири-бирибиз менен байланышабыз. Орток максаттарга карай жол алабыз»,- деди. Кыргызстандын премьер -министри жана коштоосундагы делегация менен кечээ борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн жолугушууларда эки өлкөнүн ортосунда бирдей пикир, орток максаттардын бар экендиги көрүнгөндүгүн айткан Куртулмуш, мындан кийин дагы жандуу иш алып баруу чөйрөсүнө киришерин белгиледи.

Куртулмуш Кыргызстан менен экономика, туризм, соода, билим берүү, спорт тармактарында демилгелердин артаарын баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болсо Стамбулда тургузулган Манас айкелинин бардык түрк дүйнөсүнүн бир туугандыгынын символу болорун айтты. Жээнбеков эки калктын достугун бекемдеген Манас айкелинин Стамбулда тургузулушунун өздөрү үчүн абдан маанилүү экендигин айтып : «Бул иш-чара эки калктын жакындашуусун күчтөндүрөт жана тарыхка жазылат»,- деди.

Түркиянын Кыргызстанга карата жардамдарын көз карандысыздыгын жарыялаган күндөн бери аябагандыгын белгилеген Жээнбеков : «Ырааттуу экономикасы болгон Түркия бизден жардамын аяган жок. Биз муну эч качан унутпайбыз»,- деди. Аземде сөз сүйлөгөн Стамбул мэри Кадир Топбаш болсо Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте Осмон императору Фатих Султан Мехметке (1444-1446, 1451-1481)  таандык бир айкелдин тургузулушун сунуш кылды. Бул сунушту Айкөл Манастын эстелигин тургузууну демилгелеген жана демөөрчүлүгүн кылган Темирлан Сарлыкбек уулу өз сөзүндө белгилей кеткен эле. Кадир Топбаш мырза да Темирлан Сарлыкбек уулунун сунушун тастыктаган болду.

Ачылыш аземинде кыргыз өнөрпоздору Манас эпосунан үзүндүлөрдү аткарышып, фольклордук ырлар жаңырып турду.

Андан соң Стамбул шаарындагы Зейтинбурну маданий комплексинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргыз делегациясынын катышуусунда Түркиянын коомчулугуна «Манас» эпосунун 1 миң 840 барактан турган котормосунун бет ачары таанытылды.

Бул-Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча түрк тилине которулган жалгыз басылма болуп эсептелет. Китеп манасчынын 2017-жылы өтө турган 150 жылдык мааракесине карата чыгарылды. 

Бет ачарга Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбаш, Стамбул шаарынын губернатору Васип Шахин, Түркиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, эки өлкөнүн тарыхчылары жана Стамбул шаарынын тургундары катышты. 

Иш-чарада сөз сүйлөгөн КР Илимдер академиясынын төрага орун басары, профессор Абдылдажан Акматалиев «Сагымбай манасчы-ааламдык алп» аттуу баяндамасын жасап, Сагынбай Орозбак уулунун Манас айтуусун түшүндүрүп берди.

"Манас" эпосу тууралуу кыска метраждуу фильм менен сахналаштырылган оюнду көрсөтүлдү. Кыргыз өнөрпоздору кыргызча жана түркчө фольклордук ырларды ырдашып залдагылардын жарпын жазды.

Сооронбай Жээнбеков “Манас” эпосунун котормосун Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбашка ыйгарып, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга берип коюуну өтүндү.

Мындан тышкары Кыргызстандын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Түркия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жолугушуп, баарлашышты.



Тектеш кабарлар