Казакстанда учак кырсыгы

Кырсыкка байланыштуу териштирүү жүрүп жатат

Казакстанда учак кырсыгы

Казакстанда «Tehman-2002» үлгүсүндөгү учак жерге кулап түшүп 2 киши көз жумду.

Инвестиция жана өнүктүрүү министрлигине караштуу Жарандык авиация комитетинин билдирүүсүндө, учактын Алматы шаарынан 43 километр алыстыктагы Азем аэропортуна жакын жерде кырсыкка учураганы белгиленди.

Билдирүүдө Жарандык авиация академиясына таандык учактын жерге кулап түшүүсүнөн 2 үйрөнчүк пилоттун да көз жумганы маалымдалды.

Министрлик кырсыкка байланыштуу териштирүү баштатты.



Тектеш кабарлар